00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
13:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как Запад формирует новые смыслы на Евразийском пространстве — беседа с экспертом из Иойшкар-Олы
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Максимальный репост
Под куполом перемен: чем удивляет обновлённый цирк Бишкека
16:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
17:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Биримдик кербени» — ценность и бережное отношение к воде в регионе станет символом ВИК-2026
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президенттин маалымат кызматына жетекчи болгон Анаркулов тууралуу 7 факты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нургазы Анаркулов президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Ал тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.

Жашы, үй-бүлөсү

Нургазы Анаркулов 1979-жылы 17-июнда туулган. Жакында эле парламенттик шайлоо алдындагы дебатта келинчеги мугалим болуп иштээрин айткан. Төрт баланын атасы.

Мамлекеттик ЖМКларда эмгектенген

Анаркулов Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Эмгек жолун "Эркин Тоо" гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин "Аалам", "Кыргыз руху", "Правда Кыргызстана" гезиттеринде да иштеп, башкы редакторлукка чейин жеткен. 2006-жылдан 2007-жылга чейин Анаркулов "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде эмгектенген.

10 жыл гезиттин башкы редактору

Анаркулов 2010-жылдын 24-ноябрынан 2020-жылга чейин "Майдан.kg" аттуу кыргыз тилдүү гезиттин башкы редактору болгон.

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Опузалап акча талап кылган деп шектелген

2012-жылдын 30-майында Нургазы Анаркулов опузалап акча талап кылган деп шектелип кармалган. ЖМКларда жазылгандай, милицияга “Анаркулов акча талап кылып жатат” деген жүйө менен Бишкек шаарынын тургуну арыз жазган. Анын айтымында, гезиттин башкы редактору арыз ээсинен акча талап кылып, болбосо ал тууралуу компромат макала жарыялай турганын билдирген. Анаркулов алгач 1000 доллар сурап, кийин 15 миң сомго азайткан. Журналист 11 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, кийин сыртка чыкпоо боюнча тил кат менен коё берилген. Бул иштин аягы кандай бүткөнү белгисиз.

"КГБ" төрагасы

2010-жылдын башында кыргыз гезиттеринин ("Кыргыз гезиттер биримдиги" — кыскартып айтканда КГБ) биримдиги түзүлгөн. ЖМКларда жазылгандай, анын курамына Майдан.kg гезитинин редакциясы да кирип, Анаркулов биримдиктин төрагасы болгон.

Галина Байтерек президенттин маалымат катчысы болуп дайындалды

"Ата Журт" партиясынын маалымат катчысы

Анаркулов курамына Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов кирген "Ата-Журт" партиясынын маалымат катчысы болгон. Аларды кармап кеткен күндүн эртеси Анаркулов маалымат жыйын өткөргөн. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 3-октябрындагы митингден кийин Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын үч депутаты бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелип, камалган.

Соңку убакта Анаркулов Ташиев башында турган "Мекенчил" партиясынын маалымат катчысы болуп иштеген. Ташиевдин айтымында, партия 2010-жылы түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер

Анаркулов "Мекенчил" саясий партиясында маалымат катчы гана болбостон, парламенттик шайлоого талапкерлигин да койгон. Бирок шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Партиянын тизмесинде ал 47-сапта экени көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0