Республика боюнча театрда иштеген үч эле айым бар. Режиссер Чолпондун маеги

© Фото / Жылдыз МаликоваРежиссер Чолпон Эрикова
Режиссер Чолпон Эрикова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда айымдар арасынан чыккан театр режиссерлорун санай келгенде колдун беш манжасына да жетпейт. Алардын ичинде жаш режиссер Чолпон Эрикова да бар. Чолпон учурда Талас облустук театрында режиссер болуп эмгектенүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 27 жаштагы Чолпон Эрикова менен маектешип, театр жана жаштар тууралуу азыноолок кеп курду.

Театр сизди эмнеси менен өзүнө тартты?

Мен мектепте окуп жүргөндө, бизге “Учур” театры келип спектакль коюп турчу. Алар менен Болот Тентимишов дагы көп келип калды. Актерлорду көрүп аябай таасирленгендиктен, 7-класстан баштап эле мектептеги майрамдарга сценка коюп, идеяларды айтып жүрдүм. Мен 9-класс болгондо апам Кыргыз драма театрына костюмер болуп иштеп калды. Апамды ээрчип театрга барып жүрүп кызыгуум артты. Кийин 11-классты бүтөрүм менен ушул кесипти тандап алдым.

© Фото / Адилет КыштообаевЧолпон Эрикова: өзгөчө Чыңгыз Мамаевдин Алыкулду ойногонун көрүп "буюрса ушул кишилер менен иштешем" деп кыялданчумун
Республика боюнча театрда иштеген үч эле айым бар. Режиссер Чолпондун маеги - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Эрикова: өзгөчө Чыңгыз Мамаевдин Алыкулду ойногонун көрүп "буюрса ушул кишилер менен иштешем" деп кыялданчумун

Биринчи жолу көргөн спектаклиңиз эсиңиздеби?

Эсимде, “Учур” театрынын Алыкул Осмонов жөнүндө койгон спектакли болду. Актёрлор көзүмө бир башкача көрүнөр эле. Өзгөчө Чыңгыз Мамаевдин Алыкулду ойногонун көрүп  “буюрса ушу киши менен иштешем” деп кыялданчумун. Азыр минтип кыялым орундалып отурат. Апам театрда иштеп турган кезде залда отуруп алып жомокторду көп көрдүм. Ал кезде 10-класста окучумун. Чоңоюп калсам дагы жаш балача элестетип, жомоктун ичине кирип кетчү элем. Ошондон алган таасирден уламбы, Талас театрында үч жыл катары менен жомок койдум. Анын ичинен бирөөсү өзүмдүн автордук жомогум болду.

© Фото / Чолпон ЭриковаЧолпон Эрикова: алгачкы автордук спектаклимде ашыкча ысырапкорчулук сыпатталган
Республика боюнча театрда иштеген үч эле айым бар. Режиссер Чолпондун маеги - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Эрикова: алгачкы автордук спектаклимде ашыкча ысырапкорчулук сыпатталган

Актёрлорго таасирленип театрды тандапсыз. Эмне үчүн актриса болгон жоксуз?

Азыр театрда бир штатта режиссёр, жарым штатта актриса болуп иштейм. Негизи режиссерлук кесипке тапшырганда группада эки эле кыз болгондуктан бизди үч жыл актёрлор менен кошуп окуткан. Натыйжада  эки жактуу билим алып, 4-курска жеткенде өзүнчө бөлүнүп режиссер деген диплом алып чыктык. Бирок эки жакта тең иштөөгө тажрыйбам бар.

© Фото / Адилет КыштообаевЧолпон Эрикова: азыр театрларда иштеген жаштар көп. Алар деле мага окшоп жарыбаган маянага иштеп жатышат
Республика боюнча театрда иштеген үч эле айым бар. Режиссер Чолпондун маеги - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Эрикова: азыр театрларда иштеген жаштар көп. Алар деле мага окшоп жарыбаган маянага иштеп жатышат

Жаш режиссер катары алгачкы автордук спектаклиңизди койгону жатыпсыз...

Курманбек Токтоналиевдин "Дүрбөлөң" аттуу чыгармасын сахналаштырып спектакль коюунун алдында турам. Бул менин алгачкы автордук спектаклим. Мында ашыкча ысырапкорчулук сыпатталган. Жыл бою иштеп тапкан акчасын күзүндө аш-тойлорго сарптап салган элибиздин ашыкча салт-санаасы ашкереленет. Кошумча кошуунун терс жактары жөнүндө да айтылган. Кээде өлүмгө кайгырбай, келген кошумчаны эсептешип калган учурлар кездешет. Боз үйдөгү маркумдун жакындары келген кийиттерге көңүл бурууга мажбур. Себеби кайра бергенде өзүнүкүн өзүнө берип же кымбат кездеме алып келсе арзаныраагын берип уят болбойлу деп кооптонушат. Спектаклди ашыкча ысырапкорчулукту, кереги жок каадаларды токтолу деген мааниде койдук. Туугандар арасындагы таарынычтар да ушундан улам чыгат. Жамандык болгон үйдө эки же үч бодо мал союлат. Ушунун баары эле ысырапкорчулук. Азыр экономикалык каатчылык күч алып турганда мындай ашыкча жөрөлгөлөрдү кыскартуу жагын карасак болмок. Ушул жагын элге жеткирели дедик.

Музыка менен АКШны багынткан кыргыз кызы: ыйлаган күндөрүм көп болду

© Фото / Жылдыз МаликоваЧолпон Эрикова: мен 9-класс болгондо апам Кыргыз драм театрына костюмер болуп иштеп калды. Апамды ээрчип жүрүп театрга кызыгып калдым
Республика боюнча театрда иштеген үч эле айым бар. Режиссер Чолпондун маеги - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Эрикова: мен 9-класс болгондо апам Кыргыз драм театрына костюмер болуп иштеп калды. Апамды ээрчип жүрүп театрга кызыгып калдым

Өзүңүз Ысык-Көлдүн кызы болсоңуз дагы кесибиңиздин артынан Таласка барып иштеп жатыпсыз. Кыйналган жоксузбу?

Мурда Таласка келип көрбөгөндүктөн абдан кыйналдым. Эч кимди тааныбайм. Шаардан адашып кеткен учурларым көп болду. Азыр көнүп калдым. Театрдын кызматкерлери өз ишинин патриоту болушат деп коет го, анысы кандай, бул тармакта иштегендер театрдан башка жакты эңсебей калат. Алган акчабыз аз болсо дагы күндүн ысык-суугуна карабастан иштей берет экенбиз. Азыр театрларда иштеген жаштар көп. Алар деле мага окшоп жарыбаган маянага иштеп жатышат. Бирок шаардагы театрларда иштеген жаштарга жеңилирээк. Анткени алар үн жаздырып, тартууларга барып кошумча акча таба алышат. Таластагы театрда жаштардан экөө элебиз. Бул жактан тажрыйба топтоп алайын деп жатам.

Маянаңыз канча?

Айына 4070 сом алам. Мага театр жатаканадан бөлмө бөлүп берген. Утурумдук жашаган жерим чечилгендиктен аз акча алсам дагы сүйүктүү кесибим менен иштөөгө мүмкүнчүлүк бар.

Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү

© Фото / Адилет КыштообаевЧолпон Эрикова: азыр экономикалык каатчылык күч алып турганда ашыкча ысырапты кыскартуу жагын элге жеткирели дедик
Республика боюнча театрда иштеген үч эле айым бар. Режиссер Чолпондун маеги - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Эрикова: азыр экономикалык каатчылык күч алып турганда ашыкча ысырапты кыскартуу жагын элге жеткирели дедик

Менимче Кыргызстанда режиссер айымдар аз эле болсо керек?

Ооба, республика боюнча театрда расмий түрдө иштеп жаткан режиссёр айымдардан үчөө эле бар. Бул тармакта көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан эжелер Замира Акылаева, Эльвира Ибрагимова жана мен.

Алдыда кандай максатыңыз бар?

Буюрса, дагы көп-көп спектаклдерди коюп, өзүмдү сынап көргүм келет. Эл аралык фестивалдарга катышууну максат кылам. Ошондой эле келечекте  жеке театр ачууну көздөп жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0