00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандыктар чет өлкөлөргө кантип чыга алат. Жаңы эрежелер

Жазылуу
Пандемияга байланыштуу өлкөдөн чыгууга дагы деле айрым чектөөлөр бар. Төмөндө кыргызстандыктар үчүн жаңы эрежелерди топтодук.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Учурда Кыргызстандын жарандары чет өлкөлөргө кантип чыга аларын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева айтып берди.

Кайсы гана өлкө болбосун ар бир киши акыркы 72 саат ичинде коронавируска ПЦР-тест тапшырып, анын терс жыйынтыгы менен гана чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Кыргызстан сыртка чыгууга эч кандай чектөө койбогону менен башка мамлекеттер эпидемиологиялык абалга байланыштуу чет элдик жарандарга кирүү шарттарын өзгөртүп койгон.

"Манас" аэропортунун жетекчиси: Жапаровдун уруксатын алдым, жумушту улантам

Россия

Аптасына бир иреттен "Аэрофлот" жана "Авиатрафик" авиакомпаниялары каттам аткарууда. Бул учурда каалаган кыргызстандык учуп кете алат.

Россияга кетүүнүн экинчи жолу — атайын уюштурулуп жаткан чартердик каттамдар. Алар менен төмөндөгүдөй кырдаалдарда кетсе болот:

  • Россиянын жараны болгон жакын тууганы (аялы/күйөөсү, балдары, ата-энеси) болсо;
  • медициналык кызматка муктаж болуп жатса (кабыл алуучу тараптын чакыруусу керек);
  • кандайдыр бир мамлекеттик программага катышып жатса;
  • Россияда туруктуу жашоого уруксаты болсо.

Казакстан

Коңшу өлкөгө аба каттамы аркылуу бара аласыз, бирок автоунаа менен кирүүгө баарына эле уруксат бериле бербейт. Анткен менен төмөнкү категорияга кирген жарандар өтө алат:

  • Казакстандын жараны болгон жакын тууганы (аялы/күйөөсү, балдары, ата-энеси) болсо;
  • медициналык кызматка муктаж болуп жатса (кабыл алуучу тараптын чакыруусу керек);
  • кандайдыр бир мамлекеттик программага катышып жатса;
  • Казакстанда туруктуу жашоого уруксаты болсо.

Кыргыз-казак чек арасында автоунаа менен өткөрүүчү беш пункт иштейт. Чүй облусунда "Ак-Тилек", "Чалдыбар", "Кең-Булуң", Таласта "Чоң-Капка", Ысык-Көлдө "Каркыра".

Кыргызстандан Тажикстанга кантип кетсе болот. Шарттары

Өзбекстан

Өзбекстанга Кыргызстан жарандары учак менен да, автоунаа менен дагы чектөөсүз кирип чыга алат.

Кыргыз жарандары коңшу өлкөгө "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Маданият" жана "Баймак" өткөрүү пункттары аркылуу өтсө болот.

Транспорт "Достук", "Кызыл-Кыя" жана "Кадамжай" өткөрүү пункттары аркылуу гана кире алат.

Тажикстан

Ушул тапта кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү пункттары кыргыз жарандары менен автотранспорттор үчүн жабык. Коңшу өлкөгө Тажикстандын жарандары жана жүк ташуучу унаалардын айдоочулары гана өтө алат.

"Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" өткөрүү пункттары иштеп жатат.

Кытай

Кытайга учуп баруу азырынча мүмкүн эмес. Автотранспорт "Эркечтам" жана "Торугарт" өткөрүү пункттары аркылуу гана өтүп жатат. Ошондо дагы жүк ташуучу автолордун айдоочуларына гана уруксат берилген.

Түркия

Бул өлкөгө кыргыз жарандары аба каттамдары аркылуу чектөөсүз кире алат.

Өлкөгө сырттан киргендер кайрадан текшерилет, анализ тапшырат. Жаңы алгоритм

Кайсы өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга кирип чыга алат:

  • Россия
  • Грузия
  • Азербайжан
  • Армения
  • Беларусь
  • Казакстан
  • Түркмөнстан
  • Бельгия
  • Австрия
  • Улуу Британия
  • Германия
  • Ирландия
  • Исландия
  • Италия
  • Латвия
  • Литва
  • Лихтенштейн
  • Люксембург
  • Португалия
  • Түркия
  • Швейцария
  • Швеция
  • Катар
  • БАЭ
  • Кытай
  • Малайзия
  • Түштүк Корея
  • Пакистан
  • Словения
  • Кувейт
  • Япония
  • Өзбекстан
  • Венгрия.
Жаңылыктар түрмөгү
0