35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

CC0 / Pixabay / PublicDomainPicturesРабота в офисе
Работа в офисе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 35 жашка чыга электе жогорку кызматка барган жаштардын тизмесин топтоду. Арасында 30 жашында министрдин креслосуна отургандар бар.

Азыркы маалда көпчүлүк бийликке, өкмөткө, жогорку кызматка жаштардын келишин талап кылып, аларга мүмкүнчүлүк берүүнү суранууда. Жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөн, бирок чекесинен кайра жаңыланып, арасына жаштар кошула баштады. Алсак, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев кызматтан кетип, ордуна 30 жаштагы Тилек Токтогазиев келди.

Бул учурду эске алып Sputnik Кыргызстан агенттиги 35 жашка чыга электе мамлекеттин жетекчилик кызматтарында иштеген уул-кыздарын чогултту.

Белгилей кетсек, КР мыйзамындагы 2009-жылкы "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" жобо боюнча 14-28 жашка чейинкилер жаш деп эсептелет. Бирок документтин эски редакциясында бул категорияга 35 жашка чейинкилер да кирчү. Мындан улам 35 жашка чейинки аткаминерлерди чогулттук. Тизме жаш куракка карап түзүлдү.

Тилек Токтогазиев, 30 жашта

Тилек Токтогазиев 30 жашында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болду. Ал 1990-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында туулган. Кыргыз-Россия Славян университетин эл аралык мамилелер адистиги боюнча бүтүргөн. Алгач сүт коктейлдерин сатып, кийин медициналык жабдууларды ташыган "Лависта" ишканасын негиздеген. Жаш ишкерлер ассоциациясынын, Кыргызстандын социалдык ишкерлер ассоциациясынын жана Бишкек ишкердик клубунун мүчөсү. 2019-жылы "Бир Бол" фракциясынын атынан айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине талапкер болгон, бирок кызмат буюрган эмес. 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого "Ата Мекен" саясий партиясы менен аттанган. Тилекке каршы, партия парламентке өтпөй, элдик толкундоонун натыйжасында шайлоонун жыйынтыгы расмий жокко чыгарылган. 2020-жылдын 22-октябрында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды.

Кыргыз өкмөтүнүн курамы кантип өзгөрдү

Акылбек Жамангулов, 32 жашта

Акылбек Жамангулов 30 жашында "Альфа Телеком" компаниясынын (MegaCom бренди) башкы директору болгон. Ал 1988-жылы 24-октябрда Чүй облусунун Кемин шаарында туулган. Кыргыз-Россия Славян университетинин каржы жана насыя адистиги, КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында эл аралык мамилелер адистиги боюнча билим алган. Ошондой эле Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан юриспруденция адистигин бүтүргөн. Жамангулов 27 жашында (2015-жыл) Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болгон. Ал эми 30 жашында "Альфа Телеком" компаниясын (MegaCom бренди) жетектей баштаган.

Жаныбек Абиров, 32 жашта

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаныбек Абиров, 32 жашта
35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Жаныбек Абиров, 32 жашта

Жаныбек Абиров 1988-жылы 22-декабрда төрөлгөн. Кыргыз-Россия Славян университетин жана Президенттин алдындагы башкаруу академиясын юриспруденция, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу менеджементи адистиги боюнча аяктаган. 2018-жылдын 20-сентябрында 30 жашында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Артем Новиков, 33 жашта

© Sputnik / Табылды КадырбековАртем Новиков, 33 жашта
35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Артем Новиков, 33 жашта

35 жашка чыга элек жатып Новиков бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган. Новиков 1987-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Балтика мамлекеттик техникалык университетин экономист-менеджер адистиги боюнча аяктаган.

2011-жылы 24 жашында ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси болгон. 27 жашында премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин, 28 жашында биринчи вице-премьер Аалы Карашевдин кеңешчиси катары иштеген. 30га чыкканда Новиков экономика министри болсо, эми Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн жаңы түзүмүнө кирип, биринчи вице-премьер болуп дайындалды. Ошондой эле Кыргызстандын ЕЭКтеги өкүлү.

Бийлик кантип алмашты? Соңку окуялардагы урунттуу учурлар

Азамат Жаманкулов, 33 жашта

© Sputnik / Бакыт СмаиловАзамат Жаманкулов, 33 жашта
35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Азамат Жаманкулов, 33 жашта

Азамат Жаманкулов 1987-жылы туулган. Кыргыз-түрк "Манас" университетин ишканадагы менеджмент, 2011-жылы Кыргызстан эл аралык университетин финансы адистиги боюнча аяктаган. 2015-жылы 27 жашында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин жетекчиси болуп дайындалса, 31 жашында маданият министринин креслосун ээлеген. Бул кызматта эки жыл эмгектенген соң 2020-жылдын октябрь айында жумуштан бошотулду. Кыргыз, казак, орус, түрк, англис тилдеринде сүйлөйт.

Алтынбек Исмаилов, 34 жашта

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Алтынбек Исмаилов, 34 жашта
35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Алтынбек Исмаилов, 34 жашта

Алтынбек Исмаилов 2020-жылы июнда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалган. Азыр да бул кызматты жетектейт. 1986-жылы 12-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Борбор Азиядагы Америка университетинин банк иштери, Колумбия университетинде экономикалык өнүгүү адистигин аяктаган.

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоору биринчи окуудан өттү. Эрежелери

Дастан Догоев, 34 жашта

35 жашка чыга электе жогорку кызматка келгендердин арасында Дастан Догоев дагы бар. Ал 1986-жылы 3-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Лондондогу Кавендиш колледжинде бизнести башкаруу адистигин жана Кингстон университетинде бизнести башкаруу адистиктерин аяктаган. 2012-жылы 26 жашында Каржы министрлигинин алдындагы "Инфо-система" мамлекеттик ишканасынын мекемени өнүктүрүү жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 28 жашында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары, 31 жашында аталган кызматтын жетекчиси болгон.

33 жашында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп бир жыл иштеп, андан кийин кызматты өз каалоосу менен тапшырып кеткен. Бирок ал санариптештирүү маселелери боюнча КР президентинин кеңешчиси бойдон калган.

Мирлан Парханов, 34 жашта

© Sputnik / Табылды КадырбековМирлан Парханов, 34 жашта
35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Мирлан Парханов, 34 жашта

Мирлан Парханов 1986-жылы туулган. 2016-жылдын ноябрь айынан бери Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп эмгектенет. Ал убакта 30 жашта болчу. Ага чейин вице-премьердин жардамчысы, президенттин аппаратында референт, социалдык саясат бөлүмүндө эксперт, мындан сырткары, бир нече уюмда жетекчилик кызматтарды аркалаган.

В.С.Черномырдин атындагы Москва мамлекеттик университетин уюмдун менеджменти адистиги боюнча аяктаган. 2018-жылы ал Россия президенти Владимир Путинден медаль алган. Аткаминер мындай сыйга 2017-жылы Сочи шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалын уюштурууга кошкон салымы үчүн татыган.

Элдар Алишеров, 35 жашта

© Фото / Пресс-служба ЖКЭлдар Алишеров, 35 жашта
35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Элдар Алишеров, 35 жашта

Элдар Алишеров 1985-жылы 18-сентябрда Бишкек шаарында туулган. Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде экономика факультетин аяктаган. Ал 2018-жылдын 23-июлунда 33 жашында экономика министринин орун басары болуп дайындалган. Ага чейин өкмөттүн аппаратында бир катар кызматтарды аркалаган. Жеке менчик уюмдарда жана банктарда иш тажрыйбасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0