Байдендин утулушуна орустарды айыптай алышпайт. Ой толгоо

© REUTERS / BRIAN SNYDERКандидат в президенты США от Демократической партии Джо Байден
Кандидат в президенты США от Демократической партии Джо Байден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкада шайлоого саналуу күндөр калды. Трамп менен Жо Байден теледебаттарда соңку ирет кезикти. Шайлоо кампаниясындагы эки тараптын айыгышкыс атаандаштыгынан улам кайсы бир кезде бул эки кишини чогуу көрүүнү элестетүү кыйын.

Керемет болуп Байден утуп чыкса, Трамп шайлоонун жыйынтыгын тааныбай же кеминде эле бардык салт-санааны бузуп инаугурация салтанатына келбей коюшу ыктымал. Ири державанын башчылыгына талапкерлердин аракеттерине жана ага Россияга тагылган айыптоолорду аралаштырууларына Петр Акопов сереп салган. Анын макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Ал эми Байден трамптык инаугурацияга таптакыр келбеси анык. Теледебатта бири-бирине эмне кааласа, ошонун баарын айтып калууга акыркы мүмкүнчүлүк берилди. Трамп Байдендин уулуна асылды. Жо Байден абакка камалбаса да, шайлоодон утулганда маалымат каражаттары вице-президентти жалганчылык жана жемкорлук аракеттерине далил катары жакында эле жарыяланган Хантердин катуу дискиндеги компроматтар жаза тайдырганын жазып чыгышат.

АКШнын атайын кызматы: Байден балп эттирсе, Путин күнөөлүү деп билгиле

Бирок Байден бул материал коомго ачыкталбаган күндө деле жеңилмек, Трамптын жеңишке жетери анык эле. Бирок сурамжылоолор эмнеге Байдендин артыкчылыгын көрсөтүп жатты? Алар ойдон чыгарылышы мүмкүнбү? Ооба, анткени Трамп каршы азыр иштеп жаткандар чыгара албас жалган жоктур. "Байденге гана эмес, натуура багыттагы маалымат каражаттарына, ири технологиялык гигант компанияларына ("Фейсбук", "Твиттер", "Гугл") жана "вашингтондук сазга" каршы шайлоого катышып турам", — деди ал эки-үч күн мурда эле. "Гугл" өз тизмесинен аны көргөн жок, ал эми "Фейсбук" жана "Твиттер" шилтемеси менен бөлүшүүгө мүмкүндүк бербеди. Саясатчылардын көпчүлүгү эч кандай олуттуу нерсе болбогондой түр көрсөтсө, аталган үч күч тең Трамптын айткандарын тастыктагандай бирдей аракетте болду. Ошону менен бирге эле Россиянын дарегине айыптоолор жаңырды.

Элүү чакты мурдагы чалгынчы тажрыйба "бул иште россиялык өкмөт басымдуу ролду ойногонунан олуттуу шек саноого түртөт" деген мазмундагы ачык кат жолдошту.

"АКШдагы саясий аренада вице-президент Байдендин уулу Хантерге (украиналык Burisma газ компаниясынын жетекчилигинде иштеп турган кезиндеги) таандык делген электрондук каттардын пайда болушу Россиянын маалыматтык кампаниясынын классикалык белгилерине ээ", – деп айтылат анда. Башкача айтканда, Россияны Байденге каршы компроматты жаратты деп эмес, аны таратты деген кине тагууда. Бирок кандайча?

Руди Жулиани (Трамптын жактоочусу жана Нью-Йорктун мурдагы мэри) Хантер Байдендин компьютеринин катуу дискиндеги маалыматтарда жети ай мурун эле ФБРге берген дешпеди беле? Анда Москва бул маалыматтарды тымызын сактап, "октябрдык күтүүсүз белек" жаттыбы? Же бул Трамптын штабы жана кеңешчилери, анын ичинде ошол эле Жулианинин колунан келген ишпи? Баса, Жулиани Путинге иштейт эмеспи?.. Тамаша да кеп эмес экен бул, сенатор Крис Мерфи чындап эле: "бул ирет орустар америкалык жарандарды өз тыңчылары катары даярдоону чечиптир. Алар өз пропагандасын негизги маалымат каражаттары аркылуу таратууга аракет кылышууда... Чындыгында алар көздөгөнүнө жетишти. Билесиздер, Руди Жулиани – эми маңызында Россиянын тыңчысы". Ооба, албетте, эгер Трамп өзү Кремлге "иштеп жатса", кызматкерлери жана айланасындагылар эмне болуп калыптыр.

Трамп менен Путинден "октябрдык күтүүсүз белек"

Электоратына эч кандай тиешеси жок азчылык (маселен, кызыл терилүү жана мусулмандар) арасында да Трамптын колдоосу өсүүдө. Трамптын "орус байланышына" далилдердин таптакыр жоктугу, Байдендин үй-бүлөсүнүн жалгандары жана жемкорлук схемаларынан улам тастыкталууда. Эң башкысы – реалдуу дүйнөдө америкалыктар эбак эле өз саясий элитасынан, партиялык "вашингтондук саздан" көңүлү калып бүткөн. Дал ушул себептен, системадан тыш сенатор Сандерс гана Трампка жападан жалгыз олуттуу альтернатива боло алмак. Системалуу болбогондугунан улам шайлоого жолотулган эмес.

Карапайым америкалыктар пропаганда ааламында эмес, реалдуу дүйнөдө жашайт, ошондуктан 3-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы күн мурунтан белгилүү. Ойдон чыгарылган дүйнө 3-ноябрда утулат. Реалдуулуктан баш тартышса да ал эч кайда кетпейт эмеспи. Үч баштуу ажыдаар америкалык да, глобалдык масштабда да реваншка үмүттөнүп, ага умтулат. Ошондо ийгиликсиз аракеттери үчүн орустарды айыптоого толук укугу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0