Кайыңдардын мекени Бөйрөк деп аталат. Бул кооз жай "Ала-Арча" жаратылыш паркынын жанында жайгашкан. Азыр аталган токой көз жоосун алып, кооз болуп турган учуру. Жалбырактар күн сайын түсүн өзгөртүп, кызгылт, сары, жашыл түскө боёлуп, көңүлдү өзүнө буруп турган учуру.

Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков кайыңдар өскөн кереметтүү жерге барып келди

Бул жер Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан

Ал жер "Бөйрөк" деп аталат, "Ала-Арча" жаратылыш паркынын жанында

"Бөйрөккө" тез эле жетсе болот

Бир аз жөө басуу керек, себеби автоунаа анын эң кооз жерине чейин барбайт

Гид жөө баскан киши ал жерге жеткиче анча деле кыйналбай турганыңызды айтты

Жаратылыштын кооздугу, ай!

Мындан өткөн бакыт барбы? Таза аба, токой, тоо, көпкөк асман

Азыр ал жердин ушунчалык кооз болуп турган убагы

Кайыңдар кызгылт-сары түскө боёлгон