https://sputnik.kg/20201011/ukmk-tehc-salajdin-avazov-karmoo-1050012521.html
"Электр станциялары" ААКтын экс-башчысы Авазов кайра абакка отургузулат
"Электр станциялары" ААКтын экс-башчысы Авазов кайра абакка отургузулат
Sputnik Кыргызстан
ТЭЦ иши боюнча 11 жыл эркинен ажыратылган Салайдин Авазов 6-октябрга караган түнү абактан уруксатсыз бошотулгандуктан кайра кармалды. 11.10.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-10-11T12:15+0600
2020-10-11T12:15+0600
2022-01-25T18:44+0600
https://sputnik.kg/img/102370/21/1023702135_0:67:1600:972_1920x0_80_0_0_546b98ebd76d77eb8defea10a17dee05.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102370/21/1023702135_0:17:1600:1022_1920x0_80_0_0_685ca3d13d794e5762da5c573afdacd3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, укмк, салайдин авазов, парламенттик шайлоодон кийинки окуялар, тэц
жаңылыктар, коом, кыргызстан, укмк, салайдин авазов, парламенттик шайлоодон кийинки окуялар, тэц
"Электр станциялары" ААКтын экс-башчысы Авазов кайра абакка отургузулат
12:15 11.10.2020 (Жаңыртылды: 18:44 25.01.2022) ТЭЦ иши боюнча 11 жыл эркинен ажыратылган Салайдин Авазов 6-октябрга караган түнү абактан уруксатсыз бошотулгандуктан кайра кармалды.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазовду кармаганын билдирди.
Эске сала кетсек, Авазов 2019-жылы Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебей турган болгон.
Фарид Ниязов ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди
Авазов 6-октябрга караган түнү абактан уруксатсыз бошотулгандуктан кайра кармалды.
"УКМК 11-октябрда ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 6-октябрга караган түнү түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган "Электр станциялары" ААКтын мурдагы жетекчиси С.Авазовду кармады", — деп айтылат маалыматта.
Ал жазасын өтөө үчүн ЖАМКтын мекемесине алып келинери кошумчаланды.