Касымалиева өзү спикер, Баатырбеков премьер катары иштеши керектигин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК от фракции СДПК Аида Касымалиева
Депутат ЖК от фракции СДПК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-спикер өкмөт башчыны дайындоо боюнча депутаттардын чечими юридикалык жактан мыйзамсыз жана легитимсиз экенин белгилейт.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Садыр Жапаровдун премьер-министрлик кызматка дайындалышы юридикалык күчкө ээ эмес. Бул туурасында Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Facebook баракчасына жазды. 

 

Анын айтымында, кечээ мамлекеттик резиденциядагы отурум ЖКнын расмий жыйыны катары таанылбайт. Себеби кворум болгон эмес. Ага ылайык, кечээ депутаттардын кабыл алган чечими юридикалык жактан мыйзамсыз жана легитимсиз экенин белгилейт.

“Эгер кимдир бирөө бул документти Жогорку Кеңештин расмий токтому катары кабылдап кол койсо, ал аракети бийликти басып алуу менен барабар болот. Деген менен азыркы тапта Садыр Жапаровду дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому жок. Анын шайланышы ЖКнын расмий документи менен бекитилген эмес. Демек, жарлык чыгарыш үчүн президентке да жөнөтүлө элек. Садыр Жапаровду премьер-министр катары кабыл алынган чечимдер юридикалык күчкө ээ эмес”, — деп жазган Касымалиева.

Вице-спикер мындай учурда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков кала бериши керектигин билдирди.

Кворум болгон эмес! Айрым депутаттар Садыр Жапаровдун дайындалышынан шек саноодо

“Мен өкмөттүн бардык мүчөлөрүнө кайрылам, жаңы өкмөттүн курамы бекитилгенге чейин өз милдетиңерди аткарууну уланта бериңиздер. Учурда ЖКнын жайынын өткөрө турган жерди жана датасын дайындоо боюнча сүйлөшүп жатабыз. Төрага Дастан Жумабеков отставкага кеткен, демек анын укуктары мен биринчи вице-спикер болгондуктан мага өтөт”, — деп жазган Касымалиева.

Ошондой эле ал бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды коомдук тартипти сактоого чакырып, митинг жана башка чогулуштарды өткөрбөй турууну суранды.

Эске салсак, кечээ, 10-октябрда, мамлекеттик резиденцияда ЖК депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттү шайлашкан. Башында төрага Мыктыбек Абдылдаев залда 51 депутат отурганын, 10у ишеним кат жибергенин жарыялаган. Андан соң ал спикерликтен кетүү чечимин кабыл алганын айткан. Мындан улам жыйынды вице-спикер Мирлан Бакиров алып барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0