Эртең ЖК депутаттары резиденцияга чогулуп, премьер-министрди шайлайт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы. Архив
Ала-Арча мамлекеттик резиденциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Касымалиева өкмөт башчылыкка кимдердин талапкерлиги көрсөтүлөрү боюнча маалыматы жок экенин белгиледи.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Эртең, 10-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, депутаттар "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына келип, жыйын саат 12.00дө башталат. Анда премьер-министрди шайлоо, Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат.

Касымалиева өкмөт башчылыкка кимдердин талапкерлиги көрсөтүлөрү боюнча маалыматы жок экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0