"Новичок" баяны: Навальный эмнеге немецтер менен оюн курууда?

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАлексей Навальный. Архив
Алексей Навальный. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алексей Навальный үчүн "Новичок" окуясы акырындап басылып барат, тагыраак, анын биринчи бөлүгү аяктоодо десек болот.

Берлинди Навальныйдын ишин чыгыш фронтундагы саясатты өзгөртүүгө колдонууга аргасыз кылат деп эсептеген пессимисттердин санаасына карабастан, "Түндүк агым – 2" эч кандай токтобостугу анык. Дал ошол европалык саясаттын принципиалдуу бурулушун айгинелеген маанилүү символикалык жорук болмок.

Ошентсе да Навальныйдын тегерегиндеги чуу күчөгөндөн күчөп барат. Европа биримдигинин жаңы эле аяктаган саммитинде "химиялык куралды колдонууну" дагы айыптап, окуяны Россияны териштирүүгө чакырды. Ошону менен бирге эле эки аптадан кийинки саммитте "чектен чыккан кол салууга" Евробиримдиктин реакциясын талкуулоого кайрадан кайтууну убада кылышты. Навальныйдын кадамдарына кесиптешибиз Петр Акопов сереп салган.

Саясат таануучу: Трамптын Навальный жөнүндөгү "чуулуу окуяга" аралашкысы жок

Spiegel немец журналына берген биринчи маегинде Навальный өзүнүн ууланышына ачык эле Владимир Путинди айыптаган. Логикасы да күчтүү, эгер "Новичок" менен ууландырылган болсо, мындайга буйрукту президент гана бере алмак. Себеби бул кооптуу уу россиялык атайын кызматтын колунда бар имиш. Баары ошол "Новичокко" байланган, бирок Россияда анын колдонулганы аныкталбай, дал Германияда тапшырылган анализдерде уунун издери табылганы кызык. Немистер өздөрүндөгү маалыматтардан орустар менен бөлүшпөдү, бирок "Новичоктун" пайдаланылышын териштирүүнү талап кылууну улантып келет.

Негизи "Новичок" болгон беле? Бул одоно жана орунсуз собол деп эсептелүүдө. Алар "болгону анык, силердин иш – тек гана моюнга алып, киши өлтүргүчтөрдү табуу" деген тейде күтүп жатышат. Навальный өзү буюртмачыны "таап" алган соң издөөнүн кажети барбы? Анан да батыш калкын Кремлдин көңүлүнө жат ишмерлердин баарын коркунучтуу уу менен ууландыруу орустардын салтына айланганына ынандырууга ашыккандарына эки айга чукулдап калбадыбы. Андай аракет толук натыйжалуу болбосо да, буюртмачыны так көрсөтүп берет тура.

"Spiegel: - Эгер буга Путиндин тиешеси жок болсочу?..

Навальный: - Эгер Путин болбосо, мындан да жаман болмок. Берлиндин ири метро станциясынын бардык жүргүнчүлөрүн ууландырууга "Новичоктун" бир чөйчөгү эле жетет. Эгер согуштук зат алууга үч киши эмес, отуз кишинин мүмкүнчүлүгү болсо, анда бул – глобалдык кооптуулук. Бул үрөй учура турган нерсе болмок".

Чочулаган немистерди Навальный "Новичоктун" сыноолору мени менен эле бүтүп калбайт" деп эскертет. "Германиялык өкмөттүн өтө ачык сөздөрү жеке мага тиешеси аздыр. Бул Россия кооптуу жол менен бараткандыгын баамдашканын билдирет.

Германия Алексей Навальныйды үн катпоого мажбурлайт. Саресеп

Эгер Кремль мындай операцияларга катыша турган болсо, анда эмнеге дароо эле "Түндүк агым – 2" долбооруна каршы чыгып жүргөн немис саясатчыларынын бирин ууландырышпайт?"

Навальныйдын маегинде "Түндүк агым – 2" долбоорун токтотууга чакырык жок. Анын мааниси деле жок, анткени Меркель баары бир көз карашын өзгөртпөйт. Ал эми Россияда андай сөздөр кыжырды кайнатмак.

Анткен менен Берлинге "белгилүү бир арам ойлууларга каршы чара" киргизүүгө кеңеш берүүдө, себеби "россиялык элита Европа инфраструктурасын пайдалана алса, анда эч нерсе өзгөрбөйт. Эгер Европа аларга өз чек араларын жаап, активдерин конфискациялап, кирүүгө уруксат бербей калса, аларга оор эле болот".

Европадан аларды ажыратуунун зарылдыгы эмне? Россия менен Батыштын ортосундагы жаңжалды ырбатуу үчүнбү, баары бир ушундай эле болот да. Россияда соңку жылдары элитаны улутташтыруу уланып келет, ал эми Путин бул менен Крымдын айынан Батыш менен конфронтацияга чейин эле алектене баштаган. 2012-жылы Кремлге кайра кайтканы ал элитаны кош лоялдуулуктан кайттырууга активдүү киришкен. 2014-жылдан кийин бул процесс тездетилген. Батыш санкциялары буга көмөкчү да болгон. Бирок бул Россиянын жараны чет өлкөлөрдү өз мекендештерине каршы санкция киргизүүгө үндөө дегендик эмес.

Россия Германияга кол суна албайт. Учурдагы жагдайга сереп

Навальный немистерге баягы эле жомокторун айтууда: "Система өзүн сактап калуу үчүн күрөшүүдө, биз анын кесепеттерин жаңы эле сездик", "арам ойлууларга каршы европалык чараларды россиялык жарандардын 95 пайызы колдойт". Башкача айтканда, Навальный немистерге жана Батышка жалпысынан "режим менен күрөшчүлөрүбүз" бир топ жылдан бери жашап келе жаткан реалдуулукту сатууда.

"Мунун аркасында Путин турат, менде башка версия жок" деген өңдүү РФ президентинин дарегине айыптоолор Россияда абдан кескин реакция жаратканы айкын. Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин Навальныйды "уятсыз жана арамза" деп атап, учкучтардан президентке дейре ал кишини чын дилден куткарууга аракет кылышканын белгилейт.

Навальныйдын ууланышына байланышкан кырдаал Россияда чыңалууну жаратып, Беларустун эгемендигин коргоого мүмкүндүк бербеш үчүн Батыш тарабынан сахналаштырылгандыгын боолголойт Володин. Навальный туурасында "Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтары жана бийлик органдары менен кызматташары айдан ачык", – дейт ал.

Навальный ЦРУ менен эмес, ЦРУ Навальный менен иштешерин Кремлдегилер да тактайт. Президенттин басма сөз катчысы Песков Навальный менен ЦРУнун адистери иштээрин, ага "ар кандай көрсөтмөлөрдү берип" турарын, анан калса, бул биринчи эле жолу болуп жатпаганын белгилеген. Навальныйдын кыжыры кайнап, америкалык чалгын кызматы менен байланышты далилдеп берүүнү талап кылуу менен Песковду сотко берүүнү чечкен.

Бирок мында дагы эмнени далилдөөгө болот? РФтин атлантикалык каршылаштары эбактан бери Навальныйга кызыкдар гана болбостон дал ушул кишиге басым коюшууда.

"Түндүк агым – 2нин" тагдырын "Новичок" чечеби? Геосаясаттын кезектеги көшөгөсү

Навальный "ЦРУ долбоору" болуп саналбайт, ал өзүнчө бир биргелешкен мекеменин өкүлүндөй. Түптөөчүлөрү да олигархтардан жана либералдык элиталардын ичинен чыккан батышка ыктаган россиялык күчтөр болгон, кийин уставдык капиталына батыштык "өнөктөштөрү" кирген. "Навальный" биргелешкен мекемесинин көзөмөл пакети азыр кимде экенин жоромолдоонун да кажети жок, Германияда жүргөнүндө акциялары кайра бөлүштүрүлгөн болушу мүмкүн. Бирок негизи Навальный Россияга кайтабы? Ооба, анткени көздөгөнүнө жетүү үчүн күрөшүүгө тийиш. Ал Россиянын түзүлүш жана багытын өзгөртүүнү көксөйт.

Навальный бүгүнкү жагдайды: "Эркиндик талап кылгандар, бизди артка – капитализм жана олигархтар менен кооздолгон кызык бир проваславдык Советтер Союзундай өткөн доорго сүргүсү келгендер ортосунда тиреш жүрүүдө", – деп сүрөттөйт.

Ал эми "Россиядагы саясий бөлүштүрүүчү линияларды" мындайча мүнөздөйт":

"Коомдун бир бөлүгү Путиндин риторикасын кайталап, өлкө өзгөчө жол менен бет алууга тийиш дешет. Кеп кандайдыр бир руханий баалуулуктарга негизделген монархияны орнотуу жөнүндө. Каршы тарапта – бул жалган жана эки жүздүүлүк деп эсептеген, Россия европалык үлгү менен гана өнүгө аларына ынанган мен сыяктуу адамдар".

Ушул тапта Навальный Россияда чексиз бийлеген (монархиялык эмес, өз алдынча, суверендүү), өзөгүндө бүтүндөй элге таандык моралдык баалуулуктар камтылган түзүлүш жана бийликтин орношуна каршы чыгып, европалык, батыштык жол менен алдыга жылууну сунуштап келет. Дурус, урунттуу, эң башкысы, массалык программа. Борбор калаанын бир бөлүгү отуз жылдан бери ошондой нерсе үчүн күрөшүп жана улуттук нерсенин баарына каршы чыгып келет. "Кудай сактап аман калган" Навальныйдын тез арада кайтышын чыдамсыздык менен күтүүдө. Албетте, ал кайтат, бирок "Новичок" тууралуу түшүндүрмө берүүдөн да кача албайт. Жалган жалаа жапканына да Жараткандын алдында болбосо да, сот алдында жооп берүүгө туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0