БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бүгүн, 5-октябрь күнү, Ош шаарынын 3020 жылдыгы белгиленгенин ордо калаанын муниципалитети кабарлады.
![Бүгүн, 5-октябрь күнү, Ош шаарынын 3020 жылдыгы белгиленгенин ордо калаанын муниципалитети кабарлады Бүгүн, 5-октябрь күнү, Ош шаарынын 3020 жылдыгы белгиленгенин ордо калаанын муниципалитети кабарлады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/05/1049857656_0:74:3140:2048_600x0_80_0_0_0aaff585fc3bbb7a75bceff408b57020.jpg)
![Майрамдык иш-чарага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов, Россиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин, легендарлуу парламенттин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер, пандемияда кызмат кылган мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышкан Майрамдык иш-чарага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов, Россиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин, легендарлуу парламенттин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер, пандемияда кызмат кылган мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/05/1049857662_14:0:3273:2048_600x0_80_0_0_507524f58ae3c1c294bc06232ba776d5.jpg)
![Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү эң негизги багыт экендигин белгилеген Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү эң негизги багыт экендигин белгилеген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/05/1049857645_0:74:3140:2048_600x0_80_0_0_b47733bef6c68eb260c16d24d4a5a44f.jpg)
![Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар болбой турганы айтылды Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар болбой турганы айтылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/05/1049857650_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_f3818a46770660e074d4258ea8cb392a.jpg)
![Борбордук аянтта гана концерттик программа менен коштолгон чакан иш-чара өттү Борбордук аянтта гана концерттик программа менен коштолгон чакан иш-чара өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/05/1049857667_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_c7b161cc31189ae73371e8945c0c0b14.jpg)
![Анда Ош шаарынын түптөлүп, азыркы учурга чейинки тарыхы чагылдырылган театрлаштырылган көрүнүштөр, оюн-зоок программалар жана эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт уюшурулган Анда Ош шаарынын түптөлүп, азыркы учурга чейинки тарыхы чагылдырылган театрлаштырылган көрүнүштөр, оюн-зоок программалар жана эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт уюшурулган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/05/1049857685_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_373cfd03f525615aff38dccd902bb08a.jpg)
![Белгилей кетсек, кечинде борбордук аянтта майрамдык салют атылат Белгилей кетсек, кечинде борбордук аянтта майрамдык салют атылат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/05/1049857679_0:42:3191:2047_600x0_80_0_0_715e71ddb9e3008168415089a48bae2c.jpg)
![Ош шаарынын 3020 жылдыгын майрамдоо Ош шаарынын 3020 жылдыгын майрамдоо - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/05/1049857769_0:0:2543:1599_600x0_80_0_0_537220a55cdc80dad68bd984c180a32d.jpg)
Майрамдык иш-чарага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов, Россиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин, легендарлуу парламенттин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер, пандемияда кызмат кылган мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышкан.
Ошто майрамга карата COVID менен күрөшкөн кызматкерлер сыйланды. Сүрөттөр
Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү эң негизги багыт экендигин белгилеген.
"Ош шаарында биринчи социалдык объектилерге басым жасалууда. Учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки бала бакча колдонууга берилип, дагы үчөө курулуп жатат. Мындан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен мектептер курулууда, эс алуу жайлар колдонууга берилип жатат. Эң негизгиси шаарда мыйзамсыз курулуш менен күрөш уланууда. Ош шаары бүгүнкү күндө өнүгүү жолунда", — деген Сарыбашов.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар болбой турганы айтылды.
Борбордук аянтта гана концерттик программа менен коштолгон чакан иш-чара өттү. Анда Ош шаарынын түптөлүп, азыркы учурга чейинки тарыхы чагылдырылган театрлаштырылган көрүнүштөр, оюн-зоок программалар жана эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт уюштурулган.
Белгилей кетсек, кечинде борбордук аянтта майрамдык салют атылат.