БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Илимге, математикага жана заманбап технологияларга кызыккан, орто мектептердин 7-11-классында, колледжде, училище жана башка окуу жайларда билим алган кыздар үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондунун сайтына жайгашкан маалыматта айтылган.
"Сиз 11-октябрь — Кыздардын эл аралык күнүндө "Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында алдыңкы айымдар менен өтө турган "Илимдеги кыздардын күчү" онлайн-сессиясынын катышуучуларынын бири боло аласыз. Биздин лозунг — өзүңдү башкалардын чектелүү элестетүүсү менен чектебе, — деп жазылган маалыматта.
Россияда билим алууга квота бөлүү: система реформаланат, орун көп болот
Дискуссиянын катышуучусу болуш үчүн үч талапты аткаруу зарылдыгы айтылган. Негизгиси бир мүнөттүк видео тартуу керек:
- сиздин илимге, математикага, технологияларга кызыгууңузду;
- карантин маалындагы сабактарыңыз, тажрыйбаңызды;
- илим, математика, технология тармагындагы билимди пандемия жана башка инфекцияларды токтотууда кантип пайдаланууга боло тургандыгын баяндап бериш керек;
- өзүңүздүн чөйрөңүздө илим, математика, технология тармагындагы билимди колдонуп кандай позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасоо боюнча;
- мектептеги илим тармагындагы дисциплиналарды кызыктуураак жана интерактивдүүрөөк кылуу жөнүндө идеяларыңыз менен бөлүшүңүз.
Андан соң видеону Instagram же Facebook социалдык тармагына #IDG2020 #GirlsInScience #ДевочкиВНауке #ИлимдегиКыздар хештектерин кошуп жүктөө керек. Бул — экинчи талап.
Фонд үчүнчү шарт катары коюлган посттун шилтемесин aakimjanova@unicef.org дарегине жиберүү керек экендигин билдирген. Дагы бир маанилүү учур, өтүнмөлөр 4-октябрга чейин кабыл алынат.