Twitter РИА Новостиге санкция киргизди. "Россия сегодня" үн катты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүTwitter социалдык тармагы. Архив
Twitter социалдык тармагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын бул кадамы боюнча эл аралык агенттик маалымат берип, азырынча администрация кайрылууга эч кандай жооп бербегендигин айтты.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Америкалык Twitter социалдык тармагы РИА Новостиге цензура койду. Бул тууралуу аталган агенттик жазды.

Анын аккаунтуна катталбаган интернет колдонуучулар эми агенттиктин баракчасын Россиядан да, башка аймактардан да таба албайт. Мындан мурдараак ушундай жол менен Russia Today менен Sputnik профилдери да чектөөгө алынган.

"Twitter тарабынан көрүлгөн мындай чектөө ЖМКга болгон цензура деп эсептейбиз, буга Россиянын Конституциясында тыюу салынган. Биздин кайрылып, сураганыбызга эч кандай реакция болгон жок жана чечимдерин түшүндүрө алышкан жок. Маргарита Симоньяндын жеке аккаунтунда "мамлекеттик басылма" деген белги турат. "Америка үнү" же "Азаттык радиосунда" коюлган андай нерсени таба албайсыз. Бул ушундай адилеттүүлүк жана тең укуктуулук. Анан, албетте, туура "сөз эркиндиги", ансыз кантип болсун. Бул текстти Роскомнадзорго кайрылуусу деп эсептөөнү суранабыз", — деп билдиришти "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин маалымат кызматынан.

Мамлекеттик думанын маалымат саясаты боюнча комитетинин мүчөсү Антон Горелкин цензура террордук ыкма менен киргизилди деп эсептейт.

Жаңылыктарга каршы үгүт: батыш ЖМКлары позициясын алдырдыбы?

"Бул жарыяланбаган согуш деп аталат... Эгерде РИАнын түрмөгүнүн администрациясы тарабынан эрежелери бузулса, санкциянын салынышы туурасында түшүндүрүшү керек эле. Ал эми бул жерде тармактагы издөө кызматынан ири маалымат агенттигинин аккаунтун чыгарып салып, унчукпай отурушат", — деди Горелкин.

Федерация кеңешинин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча төрагасынын орун басары, Маалымат саясаты боюнча комиссиянын мүчөсү Александр Башкин РИА Новостинин Twitter тармагындагы профилин чектеп салуу Россияга каршы жарыяланган кадимки маалыматтык согуш деп мүнөздөдү.

Август айында Twitter жетекчилиги бийликтин көзөмөлүндө болгон ЖМКларды маркалоо башталарын билдирген эле. Албетте, бул эреже баарына бирдей тиешелүү эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0