Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдраев: банк сектору анчалык деле пайдалуу эмес

© Sputnik / Асель СыдыковаПрезидент Союза банков КР Анвар Абдраев
Президент Союза банков КР Анвар Абдраев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев өлкөдө айрым кредиттер КМШ мамлекеттерине салыштырмалуу төмөн пайызда бериле турганын белгиледи.
Абдраев: банк сектору анчалык деле пайдалуу эмес

Банк аманаттарды чогултуп, насыяга берет. Ортодо түшкөн каражат ар кандай кызматтарга бөлүнүп отуруп, банктардын пайдасы өтө деле чоң эмес. Бул тууралуу Анвар Абдраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, насыянын пайызына таасир берүүчү бир нече объективдүү жана субъективдүү себептер бар.

Кыргызстанда пандемия маалында кредит алгандар менен депозиттердин саны өстү

"Айыл чарбаны колдоо максатында ипотека боюнча насыялардын пайыздары Кыргызстанда КМШ боюнча төмөн болуп эсептелет. Өнөктөш мамлекеттердин ичинде кредиттердин пайызы деле биздегиден бир аз эле жогору. Айрымдарында төмөнүрөөк, мындайча айтканда, чоң айырма жок. Алсак, Россияда пайыздык чен орточо 8,11 пайыз, Беларуста 10,4 пайыз, Арменияда 10,5 пайыз. Ал эми калган өлкөлөрдө биздегиден жогору. Ал тургай бизден экономикасы күчтүү Казакстанда 16,7 пайыз менен берилет. Ал эми бизде орточо көрсөткүч 16,75 пайыз. Дүйнө боюнча ала турган болсок, бизде жогору делинет. Буга бир канча себеп бар. Алсак, Кыргызстанда аманаттардын пайызы 13 пайызга чейин жетип, салыштырмалуу кыйла жогору. Банк ортомчу катары иш алып барып, элден аманаттарды алат. Ага ар кандай банктык кызматтарды кошуп, бир аз пайдасын эсептеп, насыяга берет. Бул жагдайдан алганда банк сектору анчалык деле киреше таппайт. Демек, өлкөдө насыянын пайызы төмөн болуш үчүн аманаттардын пайызы дагы ылдый болушу керек", — деди Абдраев.

Ошондой эле ал өлкөдөгү 23 банктын экөө мамлекеттик, бирөө Улуттук банкка караса, калгандары менчик болуп саналарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0