00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбеков: бюджетти тоноп, кызматын пайдаланып байыгандарга аёо болбойт

Жазылуу
2018-жылдан ушул кезге чейин коррупциялык жана кызматтык кылмыш боюнча мамлекетке келтирилген зыян 13,6 миллиард сомду түзгөн.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында коррупция менен күрөш уланарын баса белгиледи. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков өз сөзүндө 2018-жылдын февраль айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция менен элдешкис күрөш жарыялангандыгын эске салганы айтылат.

"Ошондон бери (эки жылдан бери — ред.) коррупцияга каршы күрөшүү өзгөчө көзөмөлдө. Бул маселе боюнча Коопсуздук кеңешинин үч жыйналышын өткөрдүк. Ушул жылдын январь айында Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын уктук. Коррупционерлерге каршы күрөш мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлин камтыды", — деди президент.

Ошондой эле ал антикоррупциялык иш-чараларды тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери катуу тартип жоопкерчилигине тартылганын баса белгиледи.

"Айрымдары ээлеген кызматтарынан бошотулган.  Жогорку деңгээлдеги бир нече чиновник тийиштүү жоопкерчиликке, анын ичинде катуу кылмыш жазаларына тартылды. Көптөгөн коррупциялык схемалар ачылды, мамлекеттик сатып алууларда, фискалдык, сот, укук коргоо органдарында, лицензиялык-уруксат берүү ишмердигин ишке ашырган органдарда, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мүлктөрдү башкаруу чөйрөсүндө коррупцияланган кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюлду", — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөштүн 4 жылдык долбоорун иштеп чыкты

Мындан сырткары, Жээнбеков 2018-жылдан ушул кезге чейин коррупциялык жана кызматтык кылмыш боюнча мамлекетке келтирилген зыян 13,6 миллиард сомду түзгөнүн, анын ичинен мамлекеттин пайдасына 5,8 миллион сом өндүрүлгөндүгүн кошумчалады.

"Бул, албетте, көп эмес. 13 миллиард сомдун дээрлик жарымы кайтарыла элек. Бул багыттагы иштерди күчөтүү керек. Мамлекеттик бюджетти талап-тоногондорго, кызмат ордун пайдаланып мыйзамсыз байыгандарга эч кандай аёо жана кечирим болбой турганын дагы бир жолу баса белгилейм. Мамлекеттин, элдин эсебинен байыгысы келгендерди жазалоо — элдин талабы. Коопсуздук кеңешинин бардык чечимдерин ишке ашыруу менин өзгөчө көзөмөлүмдө", — деди Жээнбеков.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында бүгүн эки маселе каралууда. Биринчиси — укук коргоо органдарынын өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча иштеринин жыйынтыгы. Экинчиси — 2021-2024-жылдарга карата КРде коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору.

Жаңылыктар түрмөгү
0