00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Ступор, толпа и телефон вместо помощи: разбираем ошибки очевидцев ЧС
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
On air
14:07
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:08
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Балдарды үйүндө окуткан баткендик мугалимге белек берилет. Сүрөттүн чоо-жайы

© AFP / FRED DUFOURАнорексия в Франции
Анорексия в Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн министрдин орун басары мугалим менен байланышып, ага усулдук, техникалык, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүлө тургандыгын айткан.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги окуучулар үй шартында билим алып жаткан сүрөт тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда аралыктан окута албаган мугалим окуучуларды үйүнө чакырып сабак өтүп жатат деген жазуу менен сүрөт тараган.  

Маалыматка ылайык, окуучулардын үй шартында окуп жаткан сүрөтү Баткен районунун борборунан 50 чакырым алыс жайгашкан чек ара аймагындагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими тарабынан тартылган. 

“Окуучулар менен кайтарым байланыш учурунда ата-энелер тарабынан түшүнбөөчүлүк жаралып, алар мугалимге көмөктөшүүнү суранып кайрылышкан. Мугалим 2-сентябрь күнү окуучуларды үйүнө чакырып, кайтарым байланыш каражаттарын практика түрүндө көрсөтүп берген. Мугалим окуучуларды социалдык аралыкты сактоо менен отургузуп, ар бирин бет кап менен гана киргизген. Сабак 15 мүнөткө созулган. Андан бери педагог кайтарым байланышты аралыктан өтүп келүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин бул аракетин өз кесибин сүйүп, билим берүүгө болгон умтулуусу катары баалайт. Ошондой эле окуучулардын да окууга болгон ынтызарлыгына жана дилгирлигине баа бергени белгиленди.

Онлайн окуу: ата-эне, окуучуларга жардам көрсөтчү ыкчам номерлер жарыяланды

“Пандемия мезгилинде өлкө боюнча бирдей талап болуп жаткандыгын мугалимге түшүндүрүп, ага кайтарым байланышты уюштуруу үчүн мугалимге демөөрчүлөр аркылуу ноутбук алып бере турган болду. Бүгүн, 8-сентябрда, министрдин орун басары Надира Жусупбекова ошол педагог менен байланышып, ага усулдук, техникалык, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүлө тургандыгын айтты”, — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган телесабактар КТРдин “Баластан” жана ЭлТРдин “Илим жана билим” каналдарынан берилип жатат. Бул сабактар oku.edu.gov.kg порталында да жеткиликтүү. Кайтарым байланыш Zoom жана WhatsApp тиркемелери аркылуу уюштурулат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0