00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
В КР продолжат внедрять сельхоз страхование. Почему оно не похоже не ОСАГО и в чем трудности?
08:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Энесин сабаган инисин мууздап салган... Август айындагы соттук чечимдер

© AP Photo / Hatem MoussaБычак кармап турган адам. Архив
Бычак кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узап кеткен айда өлкө аймагындагы фемида өкүлдөрү жүздөгөн кылмыш иштерин карап чыгып, аларга карата чечимдерди кабыл алды.

Арасында бир тууганын, шеригин өлтүрүп, тааныш кызын зордуктап салган кылмышкерлер да бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол айрым чуулуу иштерге чыккан өкүмдөрдү сунуштайт.

Видео жүктөп соттолгон улан. Жалал-Абад облусунун 22 жаштагы тургуну өзүнүн уюлдук телефону менен Instagram тармагына кирип, Кыргызстанда тыюу салынган "Ислам мамлекети" (ДАИШ) террордук уюмунун символикалары камтылган видеолорду тараткан. Укук коргоо кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп, жаш жигитти колго түшүргөн. Сот отурумунда айыпталуучу мындай аракеттеринин аркасында кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышы мүмкүн экендигин билбегендигин, жөн гана аларды жүктөп жүргөндүгүн айткан. Жаш жигит эки жылга шарттуу эркинен ажыратылды.

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу абактан кантип чыгып кетти. Соттун жообу

Баңгизат жана 260 миң сом айып. Бишкек шаарынын 26 жаштагы тургуну өзүнүн кымбат баалуу автоунаасы менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынан качкан. Жолдон бир унааны сүзүп, погончондорго баш ийген эмес. Анда укук коргоо кызматкерлери асманга үч жолу ок атууга мажбур болгон. Колго түшкөн жигит өз эрки менен жанында алып жүргөн он граммга жакын баңгизатты (мефедрон) өткөрүп берген. Өкүмгө ылайык, эми ал мамлекетке 260 миң сом төлөшү керек.

Тааныш кызын зордуктап... Буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылган адам достору менен арак ичип, чаламандын чак түшүндө тааныш кызына карата күч колдонуп бакчага алып барып зордуктап салган. Андан соң кылганын жашыруу үчүн аны "бирөөнө айтсаң өлтүрүп кетем" деп коркутуп, телефонун, акчасын, зер буюмдарын тартып алган. Сот зөөкүрдү 15 жылга темир тор артында калтырды.

Жалда эки жигитти аёосуз сабагандар 10-11 жылга кесилди. Соттун өкүмү

Аскердеги чатак. Баткен облусундагы чек ара бөлүгүндө иштеген 20 жана 26 жаштагы эки кызматкер катардагы жоокерлерди узак убакыттан бери басмырлап, шылдыңдап, сабап жүрүшкөн. Жыйынтыгында алардын бири кечинде күзөткө чыкканда кемсинтүүгө чыдабай ок атуучу курал менен өзүн атууга аракет кылып, алгач асманга ок чыгарган. Чек арачылардын жетекчилиги чогулуп, жаш жигит менен сүйлөшүү жүргүзүп, тынчтык жолу менен куралды алган. Адамдын кадыр-баркын түшүрүп, басмырлоого аракет кылган эки ефрейтор үч жылга кесилип, айыпталуучуларга карата мунапыс колдонулуп камактан бошотулду.

Бишкек: автоинспектордун колун эшикке кыпчыган айдоочу 260 миң сом айыпка жыгылды

Энесин аяп инисин мууздаган тууган. Каргаша болгон күнү улгайган кемпир уулунун үйүнө ыйлап келип, колундагы баласы мас болуп алып аны сабаганын айтып берген. Мындай жагымсыз окуялар буга чейин да бир нече жолу болуп келген. Энесинин көз жашын көргөн улуу баласы аракеч инисинин үйүнө ачууланып барып кол көтөргөн. Эркектердин ортосунда мушташ чыгып, шектүү бир тууган инисин короодо турган бычак менен мууздап салган. Эми ал 12,5 жыл өмүрүн түрмөдө өткөрөт.

Жээнбеков 13 судьяны дайындоого макул болуп, бирөөнү жаратпай койду. Тизме

Акча үчүн кыйылган өмүр. 22 жаштагы эки жигит арак ичип алып 2500 сом үчүн өздөрү курактуу таанышын мектептин короосунан катуу сабап койгон. Таяк жеген жигит ооруканада өзүнө келбей көз жумган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, каза болгон баланын мээсине кан куюлуп кеткен. Фемида өкүлдөрү арзыбаган акчанын айынан адам өмүрүн алган жаштарды 7,6 жылга темир тор артына калтырып, ар бирин 100 миң сом айып пул төлөмөр кылган. Ошол эле маалда аларга карата мунапыс колдонулуп, алардын жаза өтөө мөөнөтү үчтөн бир бөлүккө кыскартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0