БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 222 бейтап айыгып, кайра 89 киши жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ага ылайык, сакайгандар төмөнкү аймактарда катталды:
- Бишкек шаары — 102;
- Ош шаары — 5;
- Чүй облусу — 10;
- Ош облусу — 27;
- Талас облусу — 4;
- Нарын облусу — 12;
- Ысык-Көл облусу — 23;
- Жалал-Абад облусу — 25;
- Баткен облусу — 14.
Ал эми оорунун жаңы учурлары болсо төмөнкү жактарда катталды:
- Бишкек — 14;
- Ош — 1;
- Чүй облусу — 9;
- Ош облусу — 13;
- Талас облусу — 4;
- Нарын облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу — 18;
- Жалал-Абад облусу — 10;
- Баткен облусу — 19.
Коопсуздук кеңеши коронавирустун тарап кетишинин себебин иликтеп жатат
Республика боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 44 316га жетти, анын 39 648и айыгып чыкты.