Психолог эмгек өргүүдөн кийин кыйналбай иштеп кетүүнүн сыры менен бөлүштү

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОфис кызматкери. Архив
Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер жумушка чыккан алгачкы күндөрү эле ишке баш-оту менен кирип кетүү адамды стресске алып барышы мүмкүндүгүн кошумчалайт.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жайкы эмгек өргүүдөн соң жумушка кайтып келүүдө көпчүлүк адамдар дароо эле иш процессине аралашып кете албай кыйналарын "Западное Дегунино" үй-бүлөлүк борборунун адиси Мария Ломжева билдирди.

Адистин айтымында, ишке чыгууга өргүүдө жүргөндө эле даярдануу абзел. Ал үчүн эс алууга кетер алдында анча татаал эмес бир ишти баштап койгон оң. Бул жумушка чыкканда иш ыргагына тез эле көнүп кетүүгө өбөлгө түзөт.

"Албетте, бир канча убакытка созулган тынымдан соң маанилүү жана жоопкерчиликтүү ишке киришүү оңой эмес. Ошол себептен алгач жөнөкөй иштерден баштоо ишке ынтызарлыктын концентрациясын жогорулатат. Адаптация жай жана иш ыргагына жараша келет", — деди ал.

Ал белгилегендей, көпчүлүк жумушка кайтаарда эс алууда жүргөндө иште кандай өзгөрүүлөр болду экен деп кооптонот. Ал эми бул жаатта иш жагдайын түшүндүргөн кесиптештер жардамга келет.

Ууруну убагында токтотуп калган күзөтчү аял UFC уюмунда иштемей болду

Психолог жумушка чыккан алгачкы күндөрү эле ишке баш-оту менен кирип кетүү адамды стресске алып барышы мүмкүндүгүн кошумчалады. Ошондой эле анын ден соолукка да таасири тийиши мүмкүн.

"Иш күнүн туура пландагыла. Күндүн режимин уюштуруп, баарын алдын ала ойлонуштуруп алыш керек. Иш процессине акырындык менен киришүү жумушта жакшы жыйынтыкка жетишүүгө жардам берет", — деди Ломжева.

Андыктан иш маалында ыңгайы келгенде беш мүнөттүк тыныгууларга чыгып, жумуштан кийинки убакытты адам толук өзүнө жумшаганы оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0