БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов өзүнүн Европа лигасындагы дебюту менен атаандаштын дарбазасына киргизген голу тууралуу пикирин билдирди.
"Кайраттын" 19 жаштагы жарым коргоочусу Европа лигасынын квалификациялык раундунда армяндык "Ноа" командасы менен беттешке чыккан. Оюндун 12-мүнөтүндө кыргызстандык футболчу гол киргизип, эсепти теңей алган (1:1). Жыйынтыгында алматылыктар 4:1 эсебинде утуп, мелдешти ийгиликтүү баштаган.
Алыкулов Европа лигасында бет ачар оюну болгонуна кубанып жатканын айтып, "Кайрат" командасынын мүмкүнчүлүктөрү жакшы экенине токтолду.
Футболчу Гүлжигит Алыкулов Казакстанда мыктылыгын көрсөтө баштады
"Кыргызстандыктарды, бардык күйөрмандарымды куттуктайм. Алар күтүп жаткан голду киргиздик. Эмоциялар ашып-ташып турган кез, анткени мен Европа лигасында гол киргизген алгачкы кыргызстандыкмын. Мен үчүн "Кайраттын" курамында ойноп, мындай мелдеште гол киргизүү сыймык", — деди футболчу клубдун маалымат кызматына берген маегинде.
"Дордой" клубунун тарбиялануучусу Гүлжигит Алыкулов ушул жылдын башында эки жылдык келишим менен Казакстандын "Кайрат" клубунун катарына кошулган. Өткөн жылы ал "Кыргызстандын мыкты футболчусу" деп табылган болчу.