00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Өспүрүмдөрдүн эмгек укуктары: Кыргызстанда жашы жете электердин укуктары кандай корголот?
13:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Индустриализация: от сталинского рывка до “зелёного” кризиса Европы — беседа о социуме
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Личный интерес
Речевое развитие ребёнка - логопед о нормах, тревожных сигналах и времени для обращения к врачу
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Документы, эксперты и обучение персонала — как устроена безопасность аттракционов в Бишкеке
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
17:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Спортбокс
Салбуурун — кыргыздын улуттук мурасын даңазалаган спорт. Кушчулардын башкы талабы эмне?
19:11
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
11 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дерматолог жаш кезде бырышты алдын алуунун сырын ачып берди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСулуулук салону. Архив
Сулуулук салону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, адамдын бетине түшкөн бырыш экиге бөлүнөт. Аларды бири балдарда да болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жаш өтүп баратканда бырыштардан качып кутулуу мүмкүн эмес, бирок анын эрте түшүшүнүн алдын алып жана бетти туура сактоонун жолдору бар. Бул тууралуу Sputnik радиосуна дерматолог, Малышева атындагы картаюуга каршы медицина борборунун жетекчиси Светлана Жабоева айтып берген.

Анын айтымында, адамдын бетиндеги бырыштар мимикалык жана статикалык болуп эки түргө бөлүнөт. Биринчиси адам күлгөндө же кабагын түйгөндө убактылуу пайда болсо, экинчиси мезгилдин өтүшү менен пайда болот.

"Бырыштардын негизги себеби — мимика. Жадагалса көп жылмайып, кайгыра берген балдарда деле терисине из түшөт, бирок ал бырыш сыяктуу болуп калып калбайт. Бул жаш кезде теринин мүмкүнчүлүктөрү бырыштардын түшүшүнө жол бербейт дегенди түшүндүрөт. Бирок бара-бара коллагендин (теринин серпилгичтигин камсыз кылган белок — ред.) деңгээли ылдыйлайт дагы, тери кургап, бырыштар түшө баштайт", — деген Жабоева.

Адис: клавиатураны туура пайдаланбаса, көз менен тери жабыр тартат

Адис белгилегендей, эртеби же кечпи бардыгында эле тери көйгөйү жаралат. Бирок бетке бырыштын эрте түшүшүн алдын алган эки жол бар. Анын бири — косметология.

"Терини мүмкүн болушунча нымдаш керек. Тери канчалык нымдуу жана серпилгич болсо ошончолук кеч карыйт. Бул үчүн атайын бет майларды же маскаларды колдонсо болот. Бөтөнчө табиятынан териси жука, назик жана кургак адамдар мындай каражаттарды эртерээк колдонуп башташы керек", — деп түшүндүргөн дарыгер.

Дерматолог бырыш менен күрөшүүнүн экинчи жолу —  медициналык ыкма экенин айткан.

"Мимиканы көзөмөлдөө мүмкүн эмес, ошон үчүн теринин кайсы бир жерине ботулотоксин ийнеси сайылат. Мындай инъекцияларды жаштар деле карылыкты алдын алуу үчүн алып жүрүшөт. Бирок ал аз өлчөмдө колдонулууга тийиш", — деген адис.

Буга чейин дагы бир дерматолог ички органдарды кандайдыр бир дарт чалса, ал сөзсүз түрдө беттин терисине таасир этерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0