"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет жубайынын айыккыс дартка чалдыкканын уккандан кийин келечегин ойлоп бушайман болгон эркектин каты жарыяланды.
Бул кат менен психологго даттангым келдиби же өзүмдү уяткарууну кааладымбы, айтор белгисиз. Иши кылып азыр өзүмдү жаман көрүп жаткан кезим. Эки жыл мурда аялым эмчек рагына кабылганын билдик. Баары капысынан болду. Келинчегим болгону 37 жашта, мурун-кийин оорудум деп айтчу эмес. Бир жолу төшүм сайгылашканын токтотподу деп дарыгерге кеткен. Бардыгы ошол жерден билинди. Башында медиктер жаңы башталып келе жатат деп бир топ дарылашты, кылбаган нерсебиз калган жок. Көрсө шишиктин агрессивдүү түрү экен. 2-3 ай мурда дарыгер чакырып алып, “Алыбыз жетпей калды. Акырындан организмге жардам берип туралы, силер оюндагысын кылгыла”, — деди.
Үй-бүлөдөн да, там-таштан да жок сызга отуруп калдым. Мигрант күйөөнүн көйгөйү
Ошондон бери менде бир акмакчылык башталды. Бул нерсени башкача кантип аташты билбейм. Сүйүктүү жарым, балдарымдын энеси көзү тирүү турса дагы акырындык менен башка аял издей баштадым. Бир учурда “ушунчалык дагы ит болосуңбу, аялың өлгөндөн кийин деле жетишесиң!” деп өзүмдү тилдеп коем. Бирок өзүм башкара албаган бир сезимдер жаңы түгөй издегенин койбойт. Жумуш аркылуу кыз-келиндер менен сүйлөшүп калсам деле жолдошу бар болду бекен, байкап көрсөмбү деген ой кете берет. Эки уул, бир кызыбыз бар, аларды дагы кор кылбаса экен деп көп ойлоном. Өзүмдүн апам мен 8-класста окуп жүргөндө көзү өткөн. Атам бат эле башка аялга үйлөндү. Өгөй энем анча деле кордук көрсөтүп, жүрөгүмө тийген жок. Бирок бөтөн экени дайыма билинип турду. Эч качан бооруна тартып, оозунан уулум деген сөз чыккан жок. Кыскасы, сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм деген таризде жашадык. Азыр атамдыкына көп деле баргым келбейт.
Ошол үчүн кийин балдарыма эне болуп кете турган аял табылса деп тилеп жатам. Баса, аялымдын аталаш сиңдиси бар. Турмушка чыгып, көп жашабай эле ажырашып кеткен. Азыр жалгыз бой. Эжеси ооругандан бери кез-кезде келип жардам берет. Балдарга дагы жакын, эжелеп жакшы көрүшөт. Балдарды ойлогондо ошол балдызым жакшы жар болор беле деген ой кетет. Бирок өткөндө эжеси экөө сүйлөшүп жатканын кулагым чалып калды, жумушунда бир жигит сөз айтып жүрүптүр. Кадимкидей жиним келип, кызгана баштасам болобу? Мына ушундай учурларда өзүмдү аябай жаман көрүп кетем.
Коронавирустан корккон кайненем төрөбө деп айламды кетирип жатат. Келиндин каты
Бул жөнүндө психолог эмне дээрин уккум келет. Түшүнөм, аялым тирүү турганда минткеним туура эмес. Балким, ал байкап калса, өзү араң турган жаны менден көңүлү калып калар. Ооруга моюн сунуп, жаны кыйналып турган байкушум байкап калбаса экен деп корко берем. Өзүмдү жубайымдын көзүнө чөп салып жаткандай сезем. Канткенде жаман ойлордон арылып, өмүрүнүн акыркы учурларында аялыма татыктуу жар боло алам?
Психолог Перизат Калмаматова:
— Урматтуу автор, жашооңуздун абдан татаал учурларын баштан кечирип жаткан экенсиз. Өмүрлүк жардан айрыларын билүү адам үчүн чоң сокку. Анын үстүнө жубайыңыз өтө жаш жана ортодогу балдар кичинекей экен. Бул нерсе үй-бүлөнүн кайгысын эки эселентип жатат. Мындай учурда бейтаптын жакындары психологиялык жактан ар кандай түйшүк тартышат. Мен практикамда түгөйүнүн айыккыс дартка чалдыкканын укканда аны таштап кеткендерди же тагдырдын сыноосуна сынып ичип кеткендерди көргөм. Айтайын дегеним, оору бир гана ооруп жаткан адамга эмес, анын жакындарына дагы чоң сыноо, азап...
Ал эми башка аял издеп жатам дегениңизди мен бала кезден жүрөктө калган өксүк менен байланыштырып жатам. Энеден эрте калып, өгөй энеден мээрим көрбөгөнүңүздү айтып жатасыз. Өзүңүз билип-билбей балдарым дагы менин тагдырымды кайталабасын деп санаа тартып турасыз. Сиздин абалыңыздагы адамдын андан аркы турмушун ойлоп, бушайман болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Болгону сиз ошол нерсени ойлонуп жатканыңыз үчүн өзүңүздү жемелеп, көңүл чордонуна коюп алгансыз. Ошол үчүн ойго кылт эткен нерсенин баары тоодой болуп көрүнүп жатат.
Жашоону эмнеден баштоону билбей турам. Күйөөсү башкага кетип калган келиндин каты
Андан көрө колдон келишинче үйдө жылуу атмосфера түзүп, балдар менен апасы жагымдуу убакыт өткөрүшүн шарттап бериңиз. Бул нерсе сизди дагы түйшүктөн алаксытып, айрым учурлар өмүр бою балдардын эсинде калат. Болбой эле өзүңүздү начар сезсеңиз, психологго барып көрүшүңүз керек.