Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте жаан учурунда. Архив
Бишкекте жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-августта түнкүсүн Таластын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде, ал эми башка облустардын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Шейшемби күнү, 18-августта, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо жамгыр карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл аймагында +21...+26, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29 жана Нарын жергесинде +14...+19 градус болот.

Бишкек жана Ош калаасында эртең менен жана күндүз нөшөрлүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борборубузда +24...+26, Ошто +27...+29 градус, ал эми Чолпон-Атада +16...+18 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0