Суук түшпөйбү? Күздүн биринчи айы сентябрга карата аба ырайы

Жазылуу
Кыргызстан боюнча орточо айлык температура нормадан жогору болбойт. Айдын экинчи жарымында Нарында -1...-6 градуска чейин суук болорун эскертет синоптиктер.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги сентябрь айына карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Кыргызстан боюнча орточо айлык температура нормадан жогору болбойт.

© Фото / пресс-служба КыргызгидрометКыргызстан боюнча орточо айлык температура нормадан жогору болбойт
Суук түшпөйбү? Күздүн биринчи айы сентябрга карата аба ырайы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан боюнча орточо айлык температура нормадан жогору болбойт

Ал эми эки облуста жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болот. Негизинен өлкө боюнча көрсөткүч орточо бойдон калат.

© Фото / пресс-служба КыргызгидрометАл эми эки облуста жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болот. Негизинен өлкө боюнча көрсөткүч орточо бойдон калат
Суук түшпөйбү? Күздүн биринчи айы сентябрга карата аба ырайы - Sputnik Кыргызстан
Ал эми эки облуста жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болот. Негизинен өлкө боюнча көрсөткүч орточо бойдон калат

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, Чүй өрөөнүндө 17…19 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 11…13 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 5...10 градустан 12...17ге чейин, күндүз 18…23 градустан 27…32ге чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Шашылыш билдирүү! Апта башында Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градустан 23…28ге чейин жылыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 14…16 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22 градустун 25…30га чейин жылыйт. Кээ бир күндөрү 11…16 градуска чейин төмөндөшү ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болорун айтат синоптиктер.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 19…21, тоо этектеринде 14…16 градус жылуу болот.

Түнкүсүн 8…13 жана 14...19, күндүз 21…26 жана 29…34 градуска чейин ысыйт. Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 3…8 градустан 9...14кө чейин, күндүз 16…21 жана 24…29 болуп өзгөрүлүп турат.

Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору белгиленет, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу мүмкүн.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 13…15 градус жылыйт.

Сентябрда күндүн табы түндөсү 5…10, күндүз 13…18 жана 20…25 градуска чейин жылыйт. Айдын аягында абанын температурасы түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13 градуска чейин төмөндөй турганы айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын сакталып, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында нормадан арбын болот.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 12…14 градус жылыйт.

Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8, айдын экинчи жарымында кээ бир түндөрдө -1…-3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 15…20 жана 21…26 градус жылыйт. Ал эми айдын экинчи жарымында 9…14 градуска чейин төмөндөйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан ашык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0