БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Акыркы маалымат боюнча, өлкө аймагында 135 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг маалында билдирди.
Анын айтымында, булардын арасындагы бешөө — медицина кызматкерлери.
- Бишкек - 35;
- Ош – 1;
- Чүй облусу – 21;
- Ош облусу - 13;
- Талас облусу – 3;
- Нарын облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 15;
- Жалал-Абад облусу – 25;
- Баткен облусу - 19.
Оору жайылган март айынан бери вируска кабылган кыргызстандыктардын саны 41 991 болду.