Бишкекте таштанды ылгоочу заводдун курулушу кечеңдеп жатат. Себеби айтылды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЗаводдун ишкери жумуш учурунда. Архив
Заводдун ишкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Бишкектеги завод 2020-жылдын аягына чейин курулуп бүтөрү айтылган. Бүгүн адистер курулуштун кечигүүсүнүн себебин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы таштанды ылгоочу заводдун курулушу быйыл аяктабайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Бишкек шаардык санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов билдирди.

Эске салсак, 2019-жылдын апрель айында завод куруу боюнча тендер жарыяланган эле.

Таштанды полигону жана таштанды ылгоочу заводдун курулушуна жалпысынан 22 миллион евро сарпталмакчы. Каражатты Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бөлөт. 11 миллиону гранттык негизде, калганы 20 жылга эки пайыздык үстөгү менен насыя иретинде берилет.

Романов: Кыргызстанда жылына 20 миңден ашык жолбун ит-мышык атылат

Буга чейин Бишкек мэринин орун басары Мирлан Амантуров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, таштанды полигону менен заводдун курулушу ушул жылы аяктарын билдирген.

Маматовдун айтымында, коронавирус пандемиясынын айынан тендердин экинчи этабы 15-июнь күнү болуп өттү.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкек шаардык санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов
Бишкекте таштанды ылгоочу заводдун курулушу кечеңдеп жатат. Себеби айтылды - Sputnik Кыргызстан
"Бишкек шаардык санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов
"Үч катышуучу тандалган эле. Экөө кытайлык, бири россиялык. Пандемиядан улам тендердин катышуучулары мөөнөттү эки ирет жылдыртышты. Биз атаандаштык болсун деп, алар менен макул болгонбуз. Бирок кийин тендер бир гана кытайлык катышуучу менен өттү. Анткени башка катышуучулар шарттарын өзгөрткөн экен, бул эреже бузуу болуп эсептелет. Августка чейин бул компанияга долбоорду берүү же кайрадан тендер өткөрүү чечими кабыл алынат. Менимче, быйыл курулуш иштерине жетишпей калабыз", — деди Маматов.

Бир айдан бери түтөп жатат! Бишкекте карьердеги өрт кантип өчүрүлүүдө. Видео

Ошондой эле ал COVID-19 адистердин келишин кечеңдетип жатканын айтты.

"Полигонго жерди даярдадык, бирок чуңкурга атайын материал төшөлүшү керек. Ал Европадан алып келинет. Ошондой эле азыр Бишкекке адистер дагы келе албай жатат", — деди полигон директору.

Ал кеп болуп жаткан атайын материалды техникалык эрежелер боюнча кышка калтырбай, аз убакыттын ичинде төшөп бүтүү керектигин айтат. Бул иштер келе жаткан жылдын жылуу мезгилине пландалууда.

Директордун айтымында, таштанды ылгоочу заводду келечекте таштандыны кайра иштетүүчү заводго айлантса болот.

Оорукана менен стационардан чыккан медкалдыктар кантип жок кылынууда?

"Металл, желим, кагаз жана жыгач кайра иштетүүчү ишканаларга берилет. Бишкекте мындай мекемелер ондоп саналат. Ошондой эле таштандыны экспорттоо маселеси каралып жатат. Таштандыны ылгоонун негизги себеби кооптуу нерселерди таап чыгып жок кылуу жана абаны булгануудан сактоо болуп эсептелет", — деди Адилет Маматов.

Завод ишке берилсе, 120дай жумуш орду пайда болору кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0