https://sputnik.kg/20200816/donald-tramptyn-inisi-kaza-boldu-1049334323.html
Жакын досумдай элең... Дональд Трамптын бир тууган иниси каза болду
Жакын досумдай элең... Дональд Трамптын бир тууган иниси каза болду
Sputnik Кыргызстан
АКШ лидеринин иниси оор абалда Нью-Йорктогу ооруканага жаткырылган. Жума күнү Трамп анын ден соолугун сураганы барган. 16.08.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-08-16T12:17+0600
2020-08-16T12:17+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104859/61/1048596124_0:19:3072:1757_1920x0_80_0_0_da5b3a01c773185ea26aeb596a237c1c.jpg
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104859/61/1048596124_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_5463f451c564b3ceff356163300166d9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, дональд трамп, акш
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, дональд трамп, акш
Жакын досумдай элең... Дональд Трамптын бир тууган иниси каза болду
12:17 16.08.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) АКШ лидеринин иниси оор абалда Нью-Йорктогу ооруканага жаткырылган. Жума күнү Трамп анын ден соолугун сураганы барган.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Американын президенти Дональд Трамп 72 жаштагы бир тууган иниси Роберт Трамп каза болгону туурасында кабарлаганын РИА Новости жазды.
Ал оор абалда Нью-Йорктогу ооруканалардын бирине жаткырылган. АКШ лидери жума күнү анын ден соолугун сураганы барганы айтылат.
"Терең кайгыруу менен бүгүн кечинде иним Роберт дүйнө салганын жазып отурам. Ал менин иним эле эмес, эң жакын досум болчу. Биз аны эми өтө сагынабыз, бирок кайрадан жолугушуу учуру келет. Анын элеси менин жүрөгүмдө түбөлүккө сакталат. Роберт, мен сени жакшы көрөм. Жаткан жериң жайлуу болсун", — деп жазган Трамп.
Роберт Трамп туурасында июль айында Америка жаңылыктарында маалымат пайда болгон. Анын жакын тууганы Мэри Трамптын азыркы президент тууралуу чыгармасын басмага берүүсүн токтотууга аракет кылганы айтылган. Мэри Трамп китебинде Дональд 1981-жылы өлүм алдында жаткан атасы Фреддин абалын сурап келбей койгон учурун да жазган.