БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирусту 291 бейтап жеңип, ооруканалардан чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде маалымдады.
- Бишкек — 46;
- Чүй облусу — 35;
- Ош облусу — 46;
- Талас облусу — 3;
- Нарын облусу — 11;
- Ысык-Көл облусу — 76;
- Жалал-Абад облусу — 41;
- Баткен облусу — 20;
- Ош шаары — 13.
Жалпысынан өлкөдө коронавирусту жеңгендердин саны 33 318ге жетти.