Беш жылдан бери контейнерде жашаган фельдшердин кыялы. Медик менен маек

© Фото / Предоставлено Толкун РахматовойФельдшер в селе Восток Толкун Рахматова
Фельдшер в селе Восток Толкун Рахматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекке жакын жайгашкан Восток айылынын жалгыз фельдшери Толкун Рахматова төрт баласы менен абдан кыйналып турат. Жакында эле пневмониядан жолдошу каза болуп калган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы учурда жашаарга үйү жок медиктин абалын сурап, аны менен чакан маек даярдаган.

Заматта баары тозокко айланып кетерин эч ким күткөн эмес. Дарыгердин маеги

— Восток айылында иштеп жатканыңызга канча болду?

— Бул айылга фельдшер болуп келгениме 13 жылдын жүзү болду. Жолдошум ооруганга чейин ал да иштеп, жашоонун түйшүгү анча билинчү эмес. Ал кезде батирде турчубуз. Кийин күйөөмдүн бөйрөгү ооруп гемодиализге түшүп калды. Ошондон бери батирдин акчасын төлөй албай, менин тапканымды эч нерсеге жеткире албай калдык. Себеби жолдошумдун гемодиализине эле жумасына 18 миң сом кетип калчу. Менин айлыгым болгону тогуз миң сом. Ооруканага гемодиализ үчүн беш жыл каттадык. Анын он бир айын акча төлөп, андан кийин бюджетке киргенбиз. Ооруканага эки күндө бир барчубуз. Ошону менен там салууга чогулткан каражатыбыздын баары дарыланууга кеткен. 

© Фото / Предоставлено Толкун РахматовойТолкун Рахматова: башында жумушка кирип жатканда мурунку айыл өкмөт "бул айылга фельдшер чыдабайт, беш жыл иштесең сага жер тилкеси бөлүнөт" деп айткан. Беш жылдан кийин бардым, азыркы айыл өкмөт Алкан Солтонов азырынча жер жок экенин айтып узатып коюп келе жатат. Жылына бара берип тажадым
Беш жылдан бери контейнерде жашаган фельдшердин кыялы. Медик менен маек - Sputnik Кыргызстан
Толкун Рахматова: башында жумушка кирип жатканда мурунку айыл өкмөт "бул айылга фельдшер чыдабайт, беш жыл иштесең сага жер тилкеси бөлүнөт" деп айткан. Беш жылдан кийин бардым, азыркы айыл өкмөт Алкан Солтонов азырынча жер жок экенин айтып узатып коюп келе жатат. Жылына бара берип тажадым

— Контейнерге айыл өкмөт киргизди беле?

— Ооба, күйөөм ооруп калгандан кийин абалымды айтып айыл өкмөткө кайрылгам. Негизи башында жумушка кирип жатканда мурунку айыл өкмөт "бул айылга фельдшер чыдабайт, беш жыл иштесең сага жер тилкеси бөлүнөт" деп айткан. Беш жылдан кийин бардым, азыркы айыл өкмөт Алкан Солтонов азырынча жер жок экенин айтып узатып коюп келе жатат. Жылына бара берип тажадым. Анан ФАПтын артына эле ушул контейнерди коюп беришкен. Эч кандай жылууланган эмес. Астына да эч нерсе төшөбөй, пайдубал курбай эле орнотуп коюшкан. Жайында ысык, кышында суук, алды сыз темир. Азыр күн ысыкта ичинде отура албайсың. Балдарым менен эшикте көлөкөдө корголойм. Кышында суугуна чыдабайсың. Электр жарыгы өчүп калганда андан бетер азап. Ичинде меши жок. Беш жылдан бери ушундай шартта балдарым менен күн көрүүдөмүн. Эми жолдошум да кайтыш болуп калды. Азыр абдан кыйын акыбалда турам. 

© Фото / Толкун РахматоваТолкун Рахматова: бул айылга фельдшер болуп келгениме 13 жылдын жүзү болду. Жолдошум ооруганга чейин ал да иштеп, жашоонун түйшүгү анча билинчү эмес
Беш жылдан бери контейнерде жашаган фельдшердин кыялы. Медик менен маек - Sputnik Кыргызстан
Толкун Рахматова: бул айылга фельдшер болуп келгениме 13 жылдын жүзү болду. Жолдошум ооруганга чейин ал да иштеп, жашоонун түйшүгү анча билинчү эмес

— Арты кайырлуу болсун. Пневмонияга кабылдыбы?

— Ооба, жолдошум эки тараптуу пневмониядан улам көз жумду. Үйдөн дене табы түшпөй кырк градус болуп туруп алды. Ошол убакта мобилдик топту чакыртып ПЦР-анализ тапшыртсам, алар "жетишпей жатабыз, үч күндөн кийин жыйынтыгы чыгат" дешкен. Ошол убакта чынында эле ооругандар көп эле. Рентгенге тарттырсам оң тараптуу пневмония экени билинди. Атайын дарыгердин көрсөтмөсү менен дарыланып жаттык. Тамчылатма укол алса да дене табы түшпөй койгондо Чүй облустук ооруканасындагы дарыгерлерге кайрылып, алар Канттын ооруканасынан эптеп бир орун таап беришкен. Бирок эки күндөн кийин эле комага түшүп, андан кийин каза болуп калды. Өзүнүн өнөкөт оорусунан улам вирусту көтөрө алган жок окшойт. 

© Фото / Предоставлено Толкун РахматовойТолкун Рахматова: ФАПтын артына эле ушул контейнерди коюп беришкен. Эч кандай жылууланган эмес. Жайында ысык, кышында суук, алды сыз темир. Беш жылдан бери ушундай шартта балдарым менен күн көрүүдөмүн
Беш жылдан бери контейнерде жашаган фельдшердин кыялы. Медик менен маек - Sputnik Кыргызстан
Толкун Рахматова: ФАПтын артына эле ушул контейнерди коюп беришкен. Эч кандай жылууланган эмес. Жайында ысык, кышында суук, алды сыз темир. Беш жылдан бери ушундай шартта балдарым менен күн көрүүдөмүн

— Негизи сизге жер тилкеси берилиши керек бекен?

— Күйөөм биринчи топтогу майып болчу. Төрт бала менен көп балалуу үй-бүлөгө киребиз. Бул жерде иштегениме он жылдан ашты. Медиктердин жыйналыштарына барып калганда, башка аймактын ФАПтарында иштеген кесиптештерим жер тилкеси берилгенин айтып калышат. Мыйзам боюнча берилиши керек экен. Акыркы жолу айыл өкмөткө барганымда Солтонов "мен сага келбе дебедим беле, азыр мораторий коюлган" деп катуу айткандан бери көңүлүм калып, баргым да келбей калды. Аябай ызаланып калдым. Айылдаштарым да "жергиликтүү бийликке бар, сага жер бериш керек" дешет. Эмне кыларымды билбей жүрөм. 

Баласын тирүү алып калганым үчүн жек көрүшөт. Бишкектик педиатрдын маеги

— Каралаша турган туугандар барбы?

— Жолдошумду гемодиализге ташуу кыйын болгондо насыя алып, ага машина алганбыз. Ага айына он миң сом кредит төгөм. Мурда күйөөмдүн жети миң сом пенсиясынын үстүнө менин айлыгымдан акча кошуп төлөп кутулчубуз. Эми ошол акча да менин мойнумда калды. Кайнатамдарда музоолуу уюбуз бар эле. Күзүндө жыл сайын элүү түк чөбүн алып берип, бир туутун алар, кийинкисин биз алчубуз. Ал уйду алып бергенибизге он жыл болгон. Жолдошум каза болгондон кийин насыяларды жаап салайын деген максатта күйөө баласы менен сүйлөшүп сатканы жатсам, "короодогу уйду урдап кетти" деп милицияга арыз жазып коюшуптур. Аны менен да бир жума милицияда сүйрөлүп жүрдүм. "Кредиттен кутулуп балдарымды тынчыраак багайын" деп жакшы эле түшүндүргөм. Жолдошумдун тажиясына кеткен чыгымын эсептеп жатышканын уктум. Бул иш сотко да өткөнү турат. 

© Фото / предоставлено Толкун РахматовойТолкун Рахматова: жолдошум эки тараптуу пневмониядан улам көз жумду. Үйдөн дене табы түшпөй кырк градус болуп туруп алды. Өзүнүн өнөкөт оорусунан улам вирусту көтөрө алган жок окшойт
Беш жылдан бери контейнерде жашаган фельдшердин кыялы. Медик менен маек - Sputnik Кыргызстан
Толкун Рахматова: жолдошум эки тараптуу пневмониядан улам көз жумду. Үйдөн дене табы түшпөй кырк градус болуп туруп алды. Өзүнүн өнөкөт оорусунан улам вирусту көтөрө алган жок окшойт

— Балдарыңыздын жашы канчада?

— Улуу кызым он төрттө, экинчи балам тогузда. Кичүү балдарым али кичинекей, мектепке бара элек. Кызым "апа, мен классташтарымдан уялам. Үйгө алып келгим келбейт" деп айтат. Алардын үйлөрүнө барганда ойлонот окшойт.

Жашап кетерим күмөн эле. Коронавирусту жеңген 56 жаштагы медиктин маеги

Айыл өкмөттөн эки сотых жер берсе да ыраазы элем. Жергиликтүү бийлик медиктерге кызматтык үй куруп берүү жагын карап жатканын айтыптыр. Бирок ал деле убактылуу да. Эртең мени кандай күн күтүп турат, ким билет? Бир нерсе болсо ал үйдү алып коюшат. Мен кичине болсо да өз үйүмдө ишенимдүү жашагым келет. Тилегеним эле балдарым менен кепе да болсо жылуу-жумшак өз үйүмдө жашасам дейм. Эми суук түшсө кайрадан темирдин ичинде үшүп-тоңуп жашоого туура келет. Жогору жактагылардан мага жер тилкесин бөлүп берүүгө жардам кылуусун сурайт элем.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Алкан Солтонов менен байланышты.

“Учурда “Восток” айылынын фельдшери Толкун Рахматовага жер тилкесин алып берип, ага там салып берүү жагын чечүүдөбүз. Бул маселе толук бүтө элек. Демөөрчүлөр келип, сүйлөшүүлөр жүргөн. Алар бул бүлөгө жер тилкесин сатып берип, өздөрү үй да салып беришерин убадалашууда”,— деди ал.

Солтонов маселе толук чечилгенде маалымат берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0