Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинен биротоло кетти

© SputnikТөкмө акын, КРдин эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев . Архив
Төкмө акын, КРдин эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев . Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төкмө акын мындан ары чыгармачылык менен алектенерин айтып, Байкоочу кеңештеги ишинде колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Төкмө акын, КРдин эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалык кызматынан кетти. Бул тууралуу ал Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Болгонбаев 2017-жылы КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө, ал эми быйыл февралда төрага болуп шайланган.

"Үч жыл алкагында сунуш, пикир, талаш-тартыш маселе кыйла эле жүрдү, чын дилимден мыйзамда көрсөтүлгөн талап боюнча иш алып барганга аракет кылдым. 11-август күнү Байкоочулук кеңештеги төрагалык жана мүчөлүк укугумду өз каалоом менен токтоттум. Колдон келген иш болду, албетте, колдон келбегени да болду. Колдоо көрсөткөн ар бир инсанга ыраазычылык билдирем", — деген акын.

Болгонбаев мындан ары чыгармачылык менен алектенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0