Тоо эчки, элик, бөдөнө... Өлкөдө аңчылык сезону ачылды

© AFP / GUILLAUME SOUVANTОхота в Вувре. Центральная Франция
Охота в Вувре. Центральная Франция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токой чарба агенттиги аң уулоонун мөөнөтү чектелүү экенин айткан. Тагыраагы, тоо эчки, элик жана каманды кастарлоо зарыл.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бир катар жапайы жан-жаныбарга аңчылык кылууга уруксат берилгенин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, туяктуу жапайы жаныбарларга — тоо эчки, элик, каман, ошондой эле бөдөнө, көгүчкөн жана бактекке августтун экинчи дем алышынан тарта декабрдын биринчи дем алышына чейин аңчылык кылса болот. Бирок мунун арасынан эликтин сезону октябрдын этегинде бүтөрү эскертилди.

Адистер Кыргызстандагы суурлардын санын тактап чыкты

Ошондой эле токой чарба агенттиги аңчылыкка уруксат берилген айрым жаныбарлардын саны чектелүү экенин айткан. Тагыраагы, бир сезондо тоо эчки 700 баш, элик 120 баш жана каман 60 башка чейин атылышы керек.

"Бул иш туяктуу жапайы жаныбарлардын ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, аларга Кыргызстандын аймагында мергенчилик кылууну иреттештирүү жана көбөйтүү үчүн жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргызстанда байырлаган тоо эчкилердин саны 46 миң 161, элик 4 760 жана каман үч миң баштан ашары айтылат. Мындан тышкары, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген аркардын Марко Поло, Тянь-Шань жана Северцев деген үч түрү бар. Алардын жалпы саны 16 миңден көбүрөөк.

Жаңылыктар түрмөгү
0