Жалкоолук, тойдон-тойго жашоо... Токаев казак коомунун беш кемчилигин атады

© Фото / Официальный сайт Президента РК Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев
 Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин айтымында, өлкө быйыл көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт, бирок коомчулуктун бир кылым мурда Абайды тынчсыздандырган кемчиликтери жоюлбай келет.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев улуу акын Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата "Абай — руханий реформатор" деген аталыштагы макала жазып, анда казак коомчулугунун бир нече кемчилиги тууралуу дагы айта кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Президенттин айтымында, өлкө быйыл көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт, бирок коомчулуктун бир кылым мурда Абайды тынчсыздандырган кемчиликтери жоюлбай келет.

Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер

"Өз доорунда Абай айткан "беш душманыбыздан" дагы деле толук кутула албай жатабыз. Тилекке каршы, коомубузда жалкоолук, пайдасыз сөздөр көп. Алар кишини тыңгылыктуу иш бүтпөгөн, маанисиз жашоого сүйрөйт. Ошондой эле эмгектенүүнүн ордуна ар бир нерседен саясат издегендер жок эмес", — деди Токаев.

Өлкө башчы эске салгандай, Абай тойдон-тойго чейин күн санабай, билим алып, руханий өсүүгө чакырган.

"Биз билимдин аркасы менен гана өсө алабыз. Заманбап билим берүү интеллектуалдык жактан жетилген улут болууга жардам берет. Экинчи орунда тарбия турат. Улуу ойчул айткандай, пайда издебей, абийирди ойлойлу. Ошондо гана биз жаштарга үлгү боло алабыз", — деп жазган президент.

Мындан тышкары, ал Абай казак эли болушунча жаңы жана керектүү кесиптерге умтулуп, ар бир жаран өз ишинин чебери болушун каалаганына токтолду.

Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты

"Азыркыдай кымгуут кезде бул өтө маанилүү. Байлык жок болуп кетиши мүмкүн. Ал эми иш билгилик өмүр бою биз менен калат. Биз ишке болгон мамилени өзгөртүшүбүз керек. Анткени бизди сүйүктүү жумушубуздай эч нерсе бактылуу жана бай кыла албайт", — деп жазылат өлкө башчынын макаласында.

Ошондой эле Абай акын өз элин тилектештикке көп чакырганы айтылат. Ал "эгер казактын уул-кыздары бири-бирине пикирлеш, ыктымактуу болбосо, башка нерсенин баары бир тыйынга татыбайт" деп айткан экен.

Кыргыз алданса алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Мар Байжиевдин нускасы

Токаевдин пикиринде, Абайдын бул сөздөрү бир гана казак эмес, өнүгүп-өсүүнү каалаган ар бир элге жол көрсөткүч боло алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0