Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты

© REUTERS / Hannibal HanschkeКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн башчысы коронавируска каршы биргеликте күрөшүүгө бардык аракетин жумшай тургандыгын билдирген.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго жана кыргыз элине көңүл айтты.

Коңшу өлкөнүн лидери кыргызстандыктардын ынтымагы жана биримдиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакын арада турукташтыра тургандыгына ишенерин билдирген.

Коронавирустан көз жумгандар "Ата-Бейитте" эскерилип, куран окулду

"Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман коронавирус пандемиясынын курмандыгы болгон бир тууган кыргыз жарандарынын элесине арналган Улуттук аза күтүү күнүндө чын ниеттен көңүл айтам. Бул катаал күндөрдө дүйнөдөн мезгилсиз кайткандардын туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөм. Ал эми бул жаман дарт менен күрөшүп жаткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм", — деген көңүл айтуу телеграммасын жөнөткөн.

Ошондой эле Токаев Казакстан боордош кыргыз элине мурдагыдай эле колунан келген жардамын көрсөтүүгө даяр экендигин жана коронавируска каршы биргеликте күрөшүүгө бардык аракетин жумшай тургандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0