Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖаандын тамчылары. Архив
Жаандын тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-августта түнкүсүн республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Нөшөрдөн улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Эртең,10-августта, Кыргызстандын бир нече аймактарында күн 36 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Нарын, Ысык-Көл аймактарында жана республиканын тоолуу жерлерине жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Чүй өрөөндөрүндө жана Баткен, Таласта жаан-чачын болбойт. Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Күндүн көзү ачылбайт... Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Талас жергесинде +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +21...+26 жана Нарын аймагында +22...+27 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +23...+25 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0