БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Сот Бишкекте кароолкананы талкалай сүзгөн жана милициядан качып, токтобой койгон Toyota Land Cruiser автоунаасынын ээсине козголгон кылмыш ишин жапты. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине тартип коргоо органындагы маалымат булактар айтып берди.
"Кароолкананын күзөтчүсүнө келтирилген чыгымдар ордуна коюлду, ал күнөөлөөнү мындан ары уланткысы келген жок. Айдоочу "Бейбаштык" беренеси менен күнөөлөнгөн. Тараптар жарашып алгандан кийин сотко ишти токтотууга туура келет", — деп түшүндүрдү маалымат булагы.
Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы иштин токтотулгандыгын жана тараптардын жарашканын тастыктады. Мындай чечимди 24-июнда судья Айбек Эрнис уулу кабыл алгандыгын билдиришти.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан Sputnik агенттигине айдоочуга эч кандай кусаматы жок экендигин айтышты. Муну алар айдоочуну кууган учурда автоинспекторлор жана алардын автоунааларына зыян келбегендиги менен түшүндүрүштү.
Эске салсак, окуя 6-июнда болгон. Тоголок Молдо көчөсүнүн түндүктү көздөй кеткен бөлүгүндө, тагыраагы, Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда болгон. Анда айдоочу чатак чыгарып, бир нече ирет будканы сүзүп, мушташып, андан соң жолтандабасын айдап жок болгон. Ал жердеги күзөтчү окуянын кандай болгонун айтып берген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Айдоочуну автоинспекторлор Кемин районуна кетип бара жаткан жолдо кармаган. Аны бир топ чакырымга чейин кууп барышкан. Талапка баш ийбей койгон соң асманга жана дөңгөлөккө атып токтотууга аргасыз болушкан. Милициянын айтымында, ал мас болгон. Салондон газ тапанчасы жана бычак табылган.