Бишкектеги эң ири граффитилер тарыхы. Көчө сүрөткеринин мыкты 8 эмгеги
Бишкектеги эң ири граффитилер тарыхы. Көчө сүрөткеринин мыкты 8 эмгеги
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин имараттарында кесипкөй сүрөткерлердин колунан жаралган граффити пайда болсо, ал дароо эле өзүнчө көркөм кооздук болуп калат. 07.08.2020, Sputnik Кыргызстан
Бишкектин имараттарында кесипкөй сүрөткерлердин колунан жаралган граффити пайда болсо, ал дароо эле өзүнчө көркөм кооздук болуп калат.
Биз шаардагы эң чоң граффитилерди издеп көрдүк. Doxa сүрөткерлер тобунунун катышуучусу Дмитрий Петровский бизге кеңешчи болду. Бишкектиктерге жаккан бул эмгектердин тарыхы Sputnik Кыргызстандын сүрөт баянында.
"Айгүл", Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. "Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз", — дейт Петровский.
"Бурулай Турдалы кызы", Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
"Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан", Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
"Жазуучу Чыңгыз Айматов". Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
"Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз", Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
"Шатыда турган бала", Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. "Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат", — дейт сүрөтчү.
Семен Чуйковдун "Кыргызстан гүлдөрү" сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.