БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Акыркы сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан жети адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
COVID-19дан каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:
- Бишкек шаары - 3;
- Ош шаары - 1;
- Чүй облусу - 1;
- Жалал-Абад облусу - 1;
- Талас облусу - 1.
Жалпы каза болгондор — 1 427.
Оору күчөп турган учурларда, бир нече апта мурда бир суткада көз жумгандардын саны 80ден ашкан фактылар катталган.