00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Интернеттин сапатын жакшырталы! Өкмөт аралыктан окутуунун шарттарын кароодо

© Sputnik / Григорий СысоевКомпьютерде отурган окуучулар. Архив
Компьютерде отурган окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Баатырбеков белгилегендей, пандемия шартында өзгөчө көңүлдү контенттик бөлүккө жана аймактардын жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүгүн камсыздоого буруу керек.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков өкмөт аралыктан окутуунун натыйжалуу шарттарын түзүүнү карап жатканын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Баатырбековдун төрагалыгы алдында "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча Республикалык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда алгачкы жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылган.

Биринчи вице-премьер белгилегендей, өзгөчө көңүлдү аймактарга, анын ичинде билим берүү, калкка электрондук тейлөө көрсөтүү тармагын санариптештирүүгө буруу зарыл. Ошондой эле мамлекеттик органдар, калк жана бизнес ортосундагы электрондук өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө көңүл буруу керек.

Башталгыч класстар 1-сентябрда мектепке барабы? Коңшу өлкөлөрдүн планы кандай

Негизги баяндаманы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов жасаган.

"Санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу алкагында өлкөнүн бардык аймактарында "Санарип аймак" долбоору боюнча ири иш-чаралар өтүүдө. Ушул жылдын мартында сегиз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пилоттоштуруу жүргөн. INFODOCS электрондук документ жүргүзүү жана e-Kyzmat адам ресурсун башкаруу тутумун ишке киргизүү боюнча иштер жасалып жатат. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен "Түндүк" электрондук өз ара аракеттешүү тутумунун каражаты боюнча 51 миллион транзакция өткөрүлгөн", — деген Исмаилов.

Анын айтымында, мамлекеттик электрондук тейлөө порталында 191 тейлөө жана сервис элге жеткиликтүү болуп турат. Мобилдик тиркемелер аркылуу 89дан ашуун мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөлөр дагы жеткиликтүү деп саналат.

Баатырбеков белгилегендей, пандемия жана убактылуу аралыктан окутуу режиминин шартында өзгөчө көңүлдү контенттик бөлүккө жана аймактардын жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүгүн камсыздоого буруу керек. Анткени интернеттин начардыгынан улам окуучулар окуу материалдарын толук кандуу өздөштүрө албай калууда.

Министрлик: адистер аралыктан окутуунун 5 багытын иштеп чыгууда

"Биздин милдет — аралыктан окутуу үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү болуп саналат. Биргелешкен күч-аракет аркылуу биз коронавирус инфекциясын жеңе алабыз жана биздин балдар мектеп парталарына отуруп билим ала башташат деп ишенем", — деген өкмөт өкүлү.

Эске сала кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутуу үчүн даярдыктар көрүлүп жатканын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0