Автоунаа тигүү цехинин терезесине жарымына чейин кирип кеткен. Окуянын чоо-жайы

CC BY 2.0 / Tony Webster / Cracked WindshieldПоследствия урагана в Северном Миннеаполисе
Последствия урагана в Северном Миннеаполисе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя бүгүн эртең менен болгон. Катуу келип сүзгөндүктөн короонун дубалы талкаланып, автоунаа тигүү цехинин терезесине барып кептелип калган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Токмок шаарында мас айдоочу короонун дубалын сүзүп, жер төлөдөгү тигүү цехинин терезесине барып кептелип калган. Бул туурасында Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан кабарлашты.

Автокырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланган.

Ысык-Көлдө жеңил автоунаа менен кагышкан комбайн оодарылып калды. Сүрөттөр

"Окуя бүгүн болжол менен саат 6:00дөр чамасында болду. 36 жаштагы айдоочу мас болуп Volkswagen Passat автоунаасын башкара албай, короону сүзүп, андан кийин жер төлөнүн терезесине жарымысына чейин кирип кеткен. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок", — деп билдиришти милициядан.

Тартип сактоочулар аталган автокырсык боюнча протокол түзүлүп, автоунаа айып короого токтотулгандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0