Тараза ташында адамзат өмүрү. COVID-19га каршы вакцина чыгаруу жарышына чыккандар

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан Россияда коронавируска каршы 14 платформада 50гө чукул вакцина иштелип чыгууда. Мында үч мекеме алдына киши сала элек.

Россиянын коргонуу министринин орун басары Руслан Цаликов COVID-19га каршы вакцина даяр болгонун билдирди. Клиникалык сыноонун жыйынтыгы ага катышкан ыктыярчылардын баарында иммунитет иштелип чыкканын көрсөттү. Бирок Сеченов университетинин дары каражаттарын клиникалык изилдөө борбору препараттын натыйжалуулугу дагы текшериле турганын кошумчалады. Россиялык вакцинанын, дары-дармек өндүрүшүнүн тегерегинде журналист Ирина Алкснис ой жүгүрткөн.

Жалпы жонунан Россияда коронавируска каршы 14 платформада 50гө чукул вакцина иштелип чыгууда. Гамалея атындагы микробиология жана эпидемиология илим изилдөө институту, Роспотребнадзордун "Вектор" борбору, ошондой эле ФМБА институту бул жаатта лидер болуп саналат.

Россия COVID-19га каршы вакцинасын сынап бүттү. Жалпы элге качан чыгат?

Алгачкы россиялык вакцина августта каттоого алынарын РФ саламаттык сактоо министринин орун басары Михаил Мурашко айтты. Аз калды.

Адатта вакцина, дегеле дары-дармекти өндүрүү бир нече жылдап ишке ашат. Изилдөөнүн протоколдору өтө катаал, анткени препарат майнаптуулугу менен бирге адам ден соолугу үчүн коопсуз экенин далилдөө керек.

Бирок коронавирус кабыл алынган процедураларды ылдамдатууга аргасыз кылды. Британиялык окумуштуулар апрелде эле сентябрга чейин вируска каршы препарат даярдай тургандыктарын айтышкан.

Вакцина иштеп чыгууга чынында өтө көп күч жана каражат сарпталды. Дональд Трамптын администрациясы АКШнын да, Европанын да фармацевтикалык компанияларына эки миллиард доллардан ашуун каражат бөлдү. Албетте, иштин баары Американын кызыкчылыгы үчүн болот деген шарты кошо бар.

Дүйнөдө коронавируска каршы дары жасоо боюнча жарыш башталгандай болду, анда финансылык да, саясий да кызыкчылык бар.

Саясий жагына келсек, абал татаал. Вакцинаны иштеп чыгуу боюнча аракет тигил же бул державанын өнүгүүсүнүн жана мүмкүнчүлүктөрүнүн көрсөткүчү катары кабылданууда. Препаратты иштеп чыгуу үчүн (өзгөчө тез аранын ичинде) акча бөлүп коюу жетишсиз. Академиялык борборлор, илимий кадрлар, болгондо да ишинин майын чыгарган кесипкөйлөр зарыл. Мындан сырткары, процессти жолго коюп, жаралган маселелерди ошол замат чечкидей структуралар керек.

Тээ биринчи күндөн тарта эле вакцина иштеп чыгуу боюнча АКШ, Улуу Британия жана Кытай лидер экени айтылып жатты. Ишти да ушулар биринчи баштады.

Россияда коронавируска каршы вакцина сайдыргандарда иммунитет иштелип чыкты

Россиянын дарегине "эми орустар бир нерсе жасамыш этип жатат, өнүккөн өлкөлөр менен теңтайлашуу кайда" сымал сөздөр айтылган.

Ал эми The Wall Street Journa Россиянын аракетин "вакциналык улутчулдук" деп атады. Буга өлкө препаратты иштеп чыгууда толугу менен ата мекендик ресурска таянып, россиялыктарды эмдөөгө басым жасарын айтканы себеп болду шекилдүү.

"Мунун эмнеси жаман же туура эмес?" деген суроо өзүнчө жоопту талап калат. Ал башка кеп. Азыркы маселе кадимки эки жүздүүлүктө. Кайсы гана мамлекет болбосун, ал биринчи кезекте өз кызыкчылыгын көздөөрү, анан барып башкасына көңүл бурары эч кимге жашыруун эмес. Бирок муну тарс эттире ачык айтуу көрсө туура эмес экен. Россиянын катачылыгы да ушул имиш.

Кандай болгон күндө да акыркы айда Россиянын коронавируска каршы вакцина чыгаруу аракетине карата Батыштын позициясы олуттуу өзгөрүп, дүйнө "Кремлдин кезектеги кылмышы" тууралуу кабардар болду.

ЕАЭБ жыйыны: COVID-19 жана башка инфекцияга каршы күрөшүү планы кабыл алынды

Алгач Россия хакерлердин жардамы менен Улуу Британия, АКШ жана Кытайдын жасап жаткан ишин уурдоого аракет кылган деп айыптап чыгышты. Ал эми кечээ Bloomberg агенттиги Москвада эксперименталдык вакцина апрелден бери пайдаланылып жатканын, аны Россия элитасы гана колдонуп келгенин жазды.

Айтылгандарды карап отуруп, Батыш жөн гана Россиянын колдон келбес ишти жүзөгө ашырып, коронавируска каршы вакцина чыгарган мамлекеттердин катарына киреринен кооптонуп жатат деп түшүнүүгө болот.

Кытай июндун аягында эле эксперименталдык вакцинасынын бирин армияда колдонуу үчүн жактырган. Эми Россия ийгилигин жар салууда.

Батыш азырынча мактангыдай нерсе жасай элек.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, АКШнын фармкомпаниялары вакцина иштеп чыгууну жайдын соңу менен гана баштоого киришмекчи. Бирок расмий эч нерсе айтыла элек.

Ал эми британиялыктар кечээ оксфорд вакцинасы боюнча маалымат беришти, расмий билдирүүгө караганда ич жылытарлык нерсе жок. Мамлекеттик жумушчу топтун төрайымы Кейт Бингэм көп үмүт артпай турууга чакырып, "биз вакцина өндүрө албай калышыбыз мүмкүн, өндүрсөк да инфекциянын жугуусунан коргой турчу эмес, ал симптомдорду басаңдатчу гана каражат болушу ыктымал", — деди.

Таба эмес, тобо. Тараза ташында адамзат өмүрү турат. Ал эми ушундай маалда окумуштуулардын ишинен кынтык издөө такыр эле акылга сыйгыс нерсе.

Болгону Батыш да ушул нерсени эсинен чыгарбаса жакшы болот эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0