Жолугушууга Республикалык ыкчам штаб тарабынан ыктыярчылар менен өз ара иштешүү жана алардын ишин координациялоо боюнча ишмердик жүргүзгөн вице-премьер Аида Исмаилова жана президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев катышкан.
Ыктыярчылардын ар бирине сөз берилип, алар учурдагы көйгөйлүү маселелерди айтышкан. Видеодо кыскача үзүндүсү берилген.
Коркпой-үркпөй сындадык. Ыктыярчылар Жээнбековго эмне сунуштаганын айтышты
Аягында Жээнбеков ыктыярчылар жасаган иши менен бийликте отурган кызматкерлерге өз ишине жоопкерчиликтүү болууга түрткү берип жатканын белгиледи.
Эпидемиологиялык кырдаал турукташкан соң өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы ыктыярчылардын катышуусу менен республикалык форум уюштуруларын кошумчалаган.
Мамлекет башчы өзү жардам берерин айтып, мындан ары дагы чогуу иштешип, кемчиликтерди биргеликте оңдоого чакыруу менен сөзүн жыйынтыктады.