Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн республиканын тоолуу өрөөндөрүндө жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. 22-июлда Ысык-Көл менен Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Шашылыш билдирүү! Үч күн бою жаан жаап, сел жүрөрү айтылды

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Таласта +28…+33, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +31…+36, Ысык-Көлдө +20…+25 жана Нарында +18…+23 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы борбор калаада +32…+34, Ошто +34…+36 градуска дейре көтөрүлсө, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +21…+23 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0