https://sputnik.kg/20200720/ysyk-kol-kombajn-menen-zhenil-avtounaa-kagyshty-1049073434.html
Ысык-Көлдө жеңил автоунаа менен кагышкан комбайн оодарылып калды. Сүрөттөр
Ысык-Көлдө жеңил автоунаа менен кагышкан комбайн оодарылып калды. Сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Кырсыктын кесепетинен жеӊил автоунаанын айдоочусу жана 65 жаштагы жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам райондук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган. 20.07.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-07-20T10:04+0600
2020-07-20T10:04+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/07/14/1049073362_0:104:1001:670_1920x0_80_0_0_93522ed4dc9e91a56913b40832bea1d7.jpg
ысык-көл
түп
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/07/14/1049073362_0:73:1001:701_1920x0_80_0_0_59441a852b7bb94e992ab7de679a5efd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, ысык-көл, түп, 2020-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, ысык-көл, түп, 2020-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Ысык-Көлдө жеңил автоунаа менен кагышкан комбайн оодарылып калды. Сүрөттөр
10:04 20.07.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кырсыктын кесепетинен жеӊил автоунаанын айдоочусу жана 65 жаштагы жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам райондук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жеӊил автоунаа менен комбайн кагышып, эки киши жабыркады. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгы тууралуу кабар Түп райондук милициясына 19-июль күнү саат 11.50лөр чамасында түшкөн. Анда окуя Балыкчы — Ананьево — Каракол автожолунун 196-чакырымында болгону айтылган.
"Милиция жерине барып, Түп районунун Талды-Суу айылынын 32 жаштагы тургуну Subaru Legacy автоунаасын башкара албай калып, Түп айылынын 23 жаштагы тургуну айдап бара жаткан "Енисей" үлгүсүндөгү комбайн менен сүзүшүп алганын аныкташкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Натыйжада жеӊил автоунаанын айдоочусу жана 65 жаштагы жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам райондук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган.
Рулга ээ боло албай бакты, анан дүкөндү сүзүп... Аламүдүндөгү кырсыктын видеосу
Аталган факт Түп райондук милициясы тарабынан электрондук журналга катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилет.