Министрлик жаңы окуу жылында мектептер кандай иштей турганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый звонок в школах Бишкека
Первый звонок в школах Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажрыйбалуу методисттерден жана эксперттерден турган топ телесабактардын мазмунун, жадыбалын, өткөн практиканы карап чыгып, аларды тартууга киришти.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутуу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

"Эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси дагы өзүнчө каралат. Андыктан министрлик мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди азыртан эле дистанттык билим берүү процессине даярдана берүүнү сунуштайт, — деп айтылат билдирүүдө.

Кырдаал жакшы жагына өзгөрөрү менен окуучулар реалдуу режимде окууга өтүшмөкчү.

Сентябрда мектептер иштей баштайт деген маалымат тарады. Министрлик эмне дейт

Учурда практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатканы кошумчаланды.

Кеңештин корутундусу менен башка өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбасы изилденип, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун приоритет катары койгон варианттагы чечимдер кабыл алынат.

Ошондой эле тажрыйбалуу методисттерден, педагогдордон жана эксперттерден турган команда теле сабактардын мазмунун, жадыбалын, өткөн практиканы карап чыгып, аларды тартууга киришкени айтылды.

"Сабактар мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн бардык деңгээлдерин камтыйт. Аны тартууда эң ириде сапатына, маңызына басым жасалууда. Бул максатта конкреттүү методикалык жана техникалык талаптарды камтыган атайын методикалык колдонмо иштелип чыкты", — дешти министрликтен.

Мугалимдерге дистанттык окутуу үчүн акы төлөнбөйбү? Министрликтин жообу

Буга кошумча мугалимдер жана методисттер үчүн окутуулардын циклы уюштурулуп, ийгиликтүү тажрыйба республиканын мугалимдерине да жайылтылат. Окуучуларды онлайн-тестирлөөгө мүмкүндүк берген платформаны жакшыртуу иштери улантылууда. Окуу китептерин электрондоштуруп, алар kitep.edu.gov.kg платформасына жайгаштырылууда.

Эске салсак, коронавирус эпидемиясынан улам Кыргызстандагы бардык мектеп окуучулары, студенттер аралыктан билим алышкан. Окуу жылы ошентип дистанттык түрдө аяктаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0