Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Геннадий ЗакировЖети-Огүз капчыгайы. Архив
Жети-Огүз капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана Нарын, Ысык-Көл аймактарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.

БИШКЕК, 17-июль. — Sputnik. 18-июль күнү эртең менен жана күндүз республиканын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматта Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Нарын, Ысык-Көлдүн айрым аймактарында катуу жамгыр жаай турганы айтылат. Талас облусунда күн ачык болот.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+36, Талас жергесинде +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл аймагында +21...+26 жана Нарында +20...+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +34...+36, Ош шаарында +35...+37, ал эми Чолпон-Атада +21...+23 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0