БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 283 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
- Бишкек шаары – 162;
- Чүй облусу - 31;
- Ош шаары - 27;
- Ош облусу - 13;
- Нарын облусу - 18;
- Баткен облусу - 13;
- Ысык-Көл облусу - 19.
Булардын баары бейтаптар менен байланышта болгондор экени айтылды.
Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы сагы 7 377ге жетти. Анын 2 802си сакайып чыкты.