БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирустан 88 адам айыгып үйүнө чыгарылганын Респубикалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында 31, Чүй облусунда сегиз, Ош шаарындан 30, Ош облусунда 14, Нарын облусунда төрт, Жалал-Абадда бир киши айыкты.
Ушуну менен республика боюнча жалпы 2 802 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылды.