Кыргызстанда шайлоо камы башталды. Ким, эмнеге даяр болушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековҮгүт иштерин жүргүзүп жаткан адам. Архив
Үгүт иштерин жүргүзүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК шайлоочулардын укуктары, Жогорку Кеңешке аттанган саясий партиялардын катышуу эрежелери боюнча түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) парламенттик шайлоо кандай тартипте өтө турганын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу Жарлыкка кол койгон.

Анын алкагында БШК шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча календардык план бекиткен.

Шайлоочулар жөнүндө

Биринчи этапта шайлоо участкаларын уюштуруу жана шайлоочулардын тизмесин түзүү каралган. БШКнын маалыматы боюнча, өлкөдө 3 миллион 407 миң 895 шайлоочу бар. 2015-жылдагы Жогорку Кеңешти шайлоого салыштырмалуу добуш берүүчүлөрдүн саны 624 миң 240 адамга көбөйгөн.

Шайлоочулардын арасында бар экениңизди 16-июлдан тарта алдын ала түзүлгөн тизмеден www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу же 26-июлдан тарта шайлоо участкасынан текшере аласыз.

Эгер жаран шайлоо участкасын өзгөртүүнү кааласа 26-июлдан 20-сентябрга чейин аталган жерге же www.tizme.gov.kg порталынан шайлоочунун кабинети аркылуу кайрылса болот. 28-сентябрга чейин жарандардын акыркы тизмеси илинет.

Жээнбеков БШК төрайымы менен шайлоого даярдыкты талкуулап, милдеттерди атады

Партиялар жана талапкерлер тууралуу

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин жөнөтүү башталды, бул өнөктүк 20-августка чейин уланат. Ал эми депутаттарды каттоо 4-сентябрда жыйынтыкталат.

Шайлоонун үгүт иштерин 4-сентябрдан 3-октябрь саат 8:00гө чейин өткөрүүгө уруксат берилди. Партияларга акы төлөнүүчү эфирдик убактылар берилет, үгүт материалдарын илүүгө атайын жайлар бөлүнөт, шайлоочулар менен жолугуу жана үгүт иштерин өткөрүүсүнө мамлекет шарт түзүп берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн www.shailoo.gov.kg сайтына партиялардын программасын, талапкерлердин тизмесин жарыялайт. Ошондой эле шайлоо фондуна түшүп жаткан каражаттар жана канчасы чыгымдалганы дагы көрсөтүлөрү айтылат.

БШК 21 млн. сомго тендер жарыялады. Акча эмнеге жумшалат?

28-сентябрга чейин шайлоо бюллетендери мамлекеттик жана расмий тилинде даярдалат.

Шайлоого бир күн калганда добуш берүүнү уюштуруу иштери саат 8:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт. 4-октябрда саат 8:00дөн 20.00гө чейинки мезгил добуш берүү убактысы деп бекитилди. Процедураларга ылайык, жыйынтыгы 25-октябрга чейин белгилүү болушу керек.

БШКнын кыргызстандыктарга, партияларга жана ЖМКларга жасаган кайрылуусун толугу менен комиссиянын сайтынан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0