Келечектин кесибине жөнөкөй жол

© Фото / WorldSkills RussiaWorldSkills Russia компаниясынын окутуу иши
WorldSkills Russia компаниясынын окутуу иши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
WorldSkills күндүзгү жана дистанттык окутуунун жаңы — Russia Future Skills Camp форматын баштап турат. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан, анын ичинде Кыргызстандан да жаш кесипкөйлөр катыша алат.

Дүйнөлүк индустриянын башынан азыр чыныгы кадрдык революция өтүүдө. Бүтүндөй тармактардын санариптештирилиши жогорку технологиялык өндүрүш жана трансформацияланып жаткан экономика үчүн жаңы классификацияланган адистерди талап кылууда. Ошону менен бирге замандын талабына ылайык келбеген жумуш орундары кыскарууда. Ал эми заманбап жумуш ээлеринин талаптарына жооп берүү үчүн бошотулган персонал классификациясын жогорулатууга аргасыз. Ушундай эле маселеге жаңы гана эмгек рыногуна чыккан жаш адистер да кептелүүдө.

Коронавирус эпидемиясынын кесепеттери санарип технологияны киргизүүнү тездетүүгө түрткү берди. Бүтүндөй ишканалар жана тармактар аралыктан иштөө режимине ыкчам түрдө ыңгайлаша алды. Адатта мындай ишти жөнгө салууга айлар, ал түгүл жылдар жумшала турган процесстер бул ирет бир нече аптада ишке ашырылды. Кеңешме, жыйындар жана документ менен иш алып баруу гана тургай, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча айрым программа жана курстар да санариптешип, аларга обочолонуу шартында да талап бар.

© Фото / WorldSkills RussiaКоронавирус эпидемиясынын кесепеттери санарип технологияны киргизүүнү тездетүүгө түрткү берди. Бүтүндөй ишканалар жана тармактар аралыктан иштөө режимине ыкчам түрдө ыңгайлаша алды.
Келечектин кесибине жөнөкөй жол - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус эпидемиясынын кесепеттери санарип технологияны киргизүүнү тездетүүгө түрткү берди. Бүтүндөй ишканалар жана тармактар аралыктан иштөө режимине ыкчам түрдө ыңгайлаша алды.

Кесиптик чебердикти өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген ушундай жаңы форматтардын бири — WorldSkills Russia өткөрүп жаткан Future Skills Cam күндүзгү-дистанттык окутуу. Июнь айынын аягында атайын платформада санарип экономикага талап кылына турган, башкача айтканда, Future Skills боюнча тренингдер башталды. Веб-дизайн жана иштеп чыгуу, графикалык дизайн жана CAD инженердик дизайн өңдүү кесиптерге даярдоону WorldSkills бир топ убакыттан бери колго алып келет. Жаш адистер үчүн бул багыттар кыйынчылык деле туудурбайт. Future Skills Camp форматында көпчүлүк өлкөлөр үчүн таптакыр жаңы санарип иштер коюлган. Алардын бир бөлүгү 2021-жылы Шанхайда өтө турган кийинки WorldSkills чемпионатынын программасына кирген. Кесиптик чеберчилигин жогорулатууну каалаган кыргызстандык адистер бул багыттар боюнча WorldSkills Russia жайкы тренингдерге кошумча түрдө катыша алат.

Future Skills Camp методикалык, практикалык блокторду камтыйт. Методикалык блоктун алкагында билим берүү төмөнкү багыттар боюнча билим берилет. WorldSkills эл аралык стандарттагы спецификацияларды изилдөө, сынактык документацияларды иштеп чыгуу технологияларын жана даяр долбоорлорду баалоо методикасын окутууну камтыйт.

Модулдун методикалык бөлүгү аяктаганда окутуунун катышуучулары практикалык тапшырмаларды аткарууга киришет. Алар катышуучулардын колуна кайсы өлкөдө жашаганына карабай бир убакта тиет. Бирок катышуучулар өз өлкөсүндөгү убакыт айырмасына карап аткара алышат.

© Фото / WorldSkills RussiaFuture Skills Camp методикалык, практикалык блокторду камтыйт. Методикалык блоктун алкагында билим берүү төмөнкү багыттар боюнча билим берилет.
Келечектин кесибине жөнөкөй жол - Sputnik Кыргызстан
Future Skills Camp методикалык, практикалык блокторду камтыйт. Методикалык блоктун алкагында билим берүү төмөнкү багыттар боюнча билим берилет.

Ар бир модуль аткарылган соң тапшырмалар эксперттер тарабынан күндүзгү-дистанттык негизде бааланат. Аягында ар бир катышууга Future Skills Camp окуудан өткөнү боюнча сертификат берилет. Тесттик долбоорду аткарган адистер WorldSkills Russia тарабынан иштелип чыккан кесиптик адистиктердин деңгээлин тастыктаган skills-паспорт деп аталчу документ алышат.

Азырынча бул ушундай түрдөгү биринчи мелдеш, бирок WorldSkills Russia уюму суроо-талап дагы өсөрүн, кийинки баскычта бул форматка ар кандай өлкөлөрдөн катышуучулардын саны дагы артат деген ойдо.

Ал ортодо сентябрда күндүзгү-дистанттык форматта өтө турган WorldSkills Russia VIII Улуттук чемпионатынын финалына, ошондой эле Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан жаш адистер үчүн III Ачык евразиялык чемпионатына да даярдык кызуу жүрүүдө.

Бул чемпионаттар биздин республика үчүн жаңы форматты байкап көрүү, келечекте Кыргызстанда да мындай мелдештерди өткөрүү үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк. WorldSkills Russia мындай демилгелерди окутуу тутумуна жана кесиптик чебердик улуттук чемпионаттарына жалгаштырууга ниеттенет. Анткени WorldSkills Russia дүйнөдө активдүү ишке ашырылып келе жаткан башка форматтар да жок эмес.

Worldskills кыймылы түптөлгөнүнө бир топ, ал эми Россия ага кошулганына 10 жылга жетпеген гана убакыт болсо да изилдөө жүргүзүү, долбоорлоо жана жаңы кесиптер менен мелдештерди өткөрүү жана көз карандысыз баалоо боюнча, ошондой эле билим берүү программаларын иштеп чыгуу жаатында маңыздуу жана креативдүү драйверге айланды.

© Фото / WorldSkills RussiaБул чемпионаттар биздин республика үчүн жаңы форматты байкап көрүү, келечекте Кыргызстанда да мындай мелдештерди өткөрүү үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк.
Келечектин кесибине жөнөкөй жол - Sputnik Кыргызстан
Бул чемпионаттар биздин республика үчүн жаңы форматты байкап көрүү, келечекте Кыргызстанда да мындай мелдештерди өткөрүү үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк.

"Жаш кесипкөйлөр" (Ворлдскиллс Россия) союзунун башкы директорунун эл аралык ишмердик боюнча орун басары, WorldSkills International кыймылына Россиянын атынан техникалык делегат Алина Досканованын айтымында, "технологиянын арыштуу өзгөрүшү, жасалма интеллектти өнүктүрүү, жалпы санариптештирүү, анын натыйжасында иш процесстеринин татаалдашы конвергенттик жөндөмдөрдүн жаралышына, мультисектордук жана тармактар аралык кызматташтыктын кеңейтилишин шарттады.

WorldSkills Russia кадрларды даярдоонун улуттук тутумун дүйнөлүк деңгээлге чыгара турган инструменттерди иштеп чыгат. Бул кандай гана экономика болбосун, атаандашуу жөндөмүн жогорулатат".

Мындай инструменттердин арасында билим берүүнүн кыска программаларын иштеп чыгуу жана өнөктөш өлкөлөрдө билим берүү лабораторияларын ачуу, ошондой эле WorldSkills Russia тигил же бул өлкөдө улуттук чемпионаттарды өткөрүүгө даярдык да камтылат. Бул өңдүү методикаларга өнөктөш өлкөлөрдө да кызыгуу күч. Маселен, соңку эки жылда КР Билим берүү жана илим министрлиги менен WorldSkills Russia уюмунун ортосундагы кызматташтык өнүгүп жатат. 2019-жылдын августунда Кыргызстандын делегациясы WorldSkills Kazan 2019 кесиптик чеберчилик боюнча 45-дүйнөлүк чемпионатка катышкан.

Бизнес вазыйпанын алкагында делегация иш борборлору, билим берүү мекемелерин кыдырып, анын ичинде чемпионаттын мелдеш бөлүгү жана бул багыттагы Россиянын тажрыйбасы менен таанышып келген. Ошол сапардан жана КР Билим берүү жана илим министринин орун басарынын WorldSkills Russia уюмунун жетекчилиги менен жолугушуудан кийин өлкөдө окутуунун мындай долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынган.

Былтыр ноябрь айында Москвада WorldSkills инструменттерин жана методикаларын пайдалануу менен кадрларды даярдоо тутумун өнүктүрүү боюнча бир нече семинар өткөрүлгөн. Ага КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлдөрү, иш чеберлери жана колледж жетекчилери катышкан.

© Фото / WorldSkills RussiaWorldSkills Russia тарабынан сунушталып жаткан күндүзгү-дистанттык жаңы формат кыргызстандык жаш адистерге кандай шартта болбосун окуу процессин натыйжалуу улантууга жол ачат.
Келечектин кесибине жөнөкөй жол - Sputnik Кыргызстан
WorldSkills Russia тарабынан сунушталып жаткан күндүзгү-дистанттык жаңы формат кыргызстандык жаш адистерге кандай шартта болбосун окуу процессин натыйжалуу улантууга жол ачат.

Ушул тапта кыргызстандык жана россиялык адистердин биргелешкен аракеттери менен өлкөдө WorldSkills кыймылын өнүктүрүү боюнча Жол картасын жайылтуу ишке ашырылууда. Аталган уюм өз кесиптештерине уюштуруу жагынан методикалык колдоо көрсөтүп келет.

WorldSkills Russia тарабынан сунушталып жаткан күндүзгү-дистанттык жаңы формат кыргызстандык жаш адистерге кандай шартта болбосун окуу процессин натыйжалуу улантууга жол ачат.

Future Skills Camp Росатом, Ростех, Роскосмос, 1С, FANUC, InfoWatch, Autodesk, Siemens, COEX, hakta, Россиялык кванттык борбордун колдоосу менен өтүүдө.

Future Skills Camp боюнча кеңири маалымат менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.

Долбоордун өнөктөшү

Жаңылыктар түрмөгү
0