БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп ооруканага жаткырылган 88 адам оор абалда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, жалпы жонунан COVID-19га кабылган 716 адам ооруканада дарыланууда. Абалы оор делген 88 бейтаптын ичинен 26сы жандандыруу бөлүмүндө жатат. Орточо оор абалында 275, ден соолугу канааттандырарлык деп 353 адам медиктердин көзөмөлүндө. Ал эми 1 957 киши өз үйүндө дарыланып жатат.
Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 5 017ге жетти. Анын ичинен 2 294 бейтап айыгып, тилекке каршы, 50 адам ажал тапты.